Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) алар лицензия берүүдөгү жемкорлукка шек саналып жатканын "Азаттыкка" атайын кызматтагы булактар кабарлашты.
Ал арада УКМК төрагасы алтын кендерин казууга берилген 23 лицензия мамлекетке кайтарылганын жана кен тармагында коррупция күчөп кеткени тууралуу билдирүү жасады.
"Чырмалышкан мафия" тууралуу билдирүү
Зилалиев менен Сатыбековдун кармалышы тууралуу маалымат каражаттарына чыккан кабарларга азырынча расмий комментарий бериле элек.
Шектүүлөр анык кайсы ишке байланыштуу колго түшкөнү беймаалым. "Азаттык" алардын өзүнөн же жакындарынан жана адвокаттарынан комментарий ала алган жок.
Жергиликтүү маалымат каражаттары экөө тең 2017-жылы иштеген учурда "мыйзамсыз иштерди жасаган" деп шек саналып жатканын жазышты. УКМКдагы булактар Сатыбеков 4-ноябрга чейин тергөө абагына киргизилгенин кабарлады.
Тоо-кенчилер бирлигинин башчысы Дүйшөнбек Камчыбеков лицензия алууда "жең ичинен бүтүрүлгөн" иштер бар экенин белгилейт. Бирок азырынча кармоолор тууралуу алдын ала бүтүм чыгарууга эрте экенин айтты:
"Кармоо тууралуу учкай эле маалыматтарды окудум. 2017-18-жылдарда берилген лицензиялар тууралуу сөз болуп жатпайбы. Эгер күнөөлөрү болсо, тергөөдө, сотто аныкталат. Эгер күнөөлөрү жок болсо, аны далилдеп, акталышат. Бул иштерге биздин комментарий бергенибиз да туура эмес, анткени анын артында адамдын тагдыры турат".
Жума күнү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин алтын кендерин казууга берилген 23 лицензия мамлекетке кайтарылганын Чүй облусунда жергиликтүү тургундар менен жолугушууда билдирген жана кен тармагындагы коррупция тууралуу айткан:
“Бул жерде чырмалышкан мафия болуп кеткен. Биздин алтыныбызды, кен байлыктарыбызды биринен бири сатып алып, бирине бири сатып, мамлекетке эч нерсе түшпөй, каяктагы чет жактагы адамдар байып жүрө беришкен. Бул тоону Кытай казып жүрөт, мамлекетке эч кандай пайдасы жок. Тигил тоону башкасы казып жүрөт - жакынкы мамлекеттерден... Эмне болду? "Лицензиям бар". Лицензияңдын мамлекетке эмне пайдасы бар? Пайдасы жок”.
Мамлекетке кайтырылды деген лицензиялардын чоо-жайы тууралуу азырынча толук расмий маалымат жок.
"Коррупциялык иштерден баары кабардар"
Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты комитетинин төрагасынын орун басары Мирлан Самыйкожо бул тармакта иштеген аткаминерлердин баары лицензиядагы жемкорлукту жакшы билерин белгиледи:
"Албетте, билишет. Иштеп кеткендери да, иштеп жаткандары да, жаңы ишке келгендери да бул маселени жакшы билет. Коррупциялык иштерден баары кабардар. Лицензиялар кандай жол менен берилери аларга беш колдой маалым. Эгер бул кайталана берсе же аткаминерлер өздөрү аралашса, арты жакшылык менен бүтпөйт".
Депутат маалымат каражаттарында айтылып жаткан Зилалиев менен Сатыбековдун жагдайы шейшембиде комитетте талкууланарын кошумчалады.
Узаган аптада Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматына көрсөтүлгөн Медер Машиев жемкорлук менен күрөшөрүн парламенттин аталган комитетинде билдирген.
УКМК июлда Жалал-Абад облусунда кен казган компаниялардын ишин көзөмөлдөө үчүн атайын мамлекеттик ишкана түзүү каралып жатканын маалымдаган. Анда Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунда мындай фирмалардын айынан экология зыян тартып, дээрлик 2 миллиард сомдук чыгым аныкталганы маалымдалган.
Тоо-кен адиси Дүйшөнбек Камчыбековдун айтымында, мындан ары жемкорлукту жоюу үчүн лицензия алууга ниеттенген кандай гана компания болбосун, кыргыз бийлиги анын ишмердигинин тарыхын терең изилдеши кажет:
"Мунун ичинен кесипкөй адистери, техникасы, каражаты тууралуу сөзсүз тастыкталган маалыматтар көрсөтүлүшү керек. Мурдагы өкмөттөрдүн тушунда ушул талаптар алып салынган, натыйжада билгени да, билбегени да оңой жолдор менен лицензияга ээ боло баштаган".
Кыргыз өкмөтү 2021-жылы сентябрда "Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо, жыйымды эсептөө, төлөө, чогултуу жана карызды өндүрүү тартибин бекитүү" токтомун кабыл алган. Документке ылайык, кен чалгындоого жана өндүрүшкө деп сатылган лицензия ээлери ишти баштабаса, кармап турган ар бир жылы үчүн ири суммадагы акча төлөп турууга милдеттендирилген.
Апрелде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу лицензиялоо комиссиясы жоюлары президенттин администрациясынын коллегиясында айтылган.
Мунун алдында мамлекет башчысы Садыр Жапаров комиссиянын ишине айрым прокуратура кызматкерлери кийлигишип жатканы аныкталганы үчүн ошол кездеги башкы прокурор Курманкул Зулушев менен ошол учурдагы жаратылыш ресурстары министри Мелис Тургунбаевге сөгүш берген.
Быйыл жыл башындагы расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда былтыр геология тармагына 192 лицензия берилген. Арасында мамлекеттик ишканаларга 45 лицензия тийген.
Расмий эсепте, Кыргызстанда 15 миңден ашуун пайдалуу кен табылган жана анын 500ү геологиялык чалгындоодон өткөн.
Кыргызстанда кен иштетүүгө берилген лицензиялар "шылуундардын ири бизнесине" айланганы мурдагы бийликтердин тушунан бери айтылып келет.
УКМКны Идрис Кадыркулов жетектеп турганда Коррупцияга каршы күрөш кызматы 2012-2018-жылдардын аралыгында кен тармагына байланыштуу 70тен ашык кылмыш ишин козгогон жана зыяндын өлчөмү 1 миллиард сомго бааланган. Анын теңи мамлекетке кайтарылганы айтылган. Органдар анда да Дүйшөнбек Зилалиевге кине коюшкан.
Шектүүлөр жөнүндө маалымат
51 жаштагы Дүйшөнбек Зилалиев 2016-2017-жылдары Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетин жетектеген. 2017-жылы августта өкмөттүн экономика маселелерин караган вице-премьер-министр болуп дайындалып, 2018-жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна жетекчи болгон.
2018-жылы октябрда Зилалиевге Жазык кодексинин "Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу" беренесинин негизинде иш козголуп, шарттуу түрдө үч жылга кесилген. Ал мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы күнү бомба тууралуу жалган маалымат тараткан деп айыпталган.
2020-жылы анын үстүнөн Башкы прокуратура Жазык кодексинин "Мыйзамсыз баюу" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, Бишкектин Биринчи май райондук соту жети жылга кескен.
2021-жылы июнда Жогорку Сот Зилалиевге "Мыйзамсыз баюу" боюнча коюлган айыпты жокко чыгарып, ишти кайра кароого райондук сотуна жиберген. Жогорку Сот буга биринчи инстанциядагы сотто эрежелер бузулганын жүйө келтирген.
44 жаштагы Мелис Сатыбеков тууралуу ачык булактарда кенен маалымат жок. Анын интернеттеги өмүр баянында энергетика жана өнөр жай министринин орун басары, Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин директору болуп иштегени тууралуу жазылган.