Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

17-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт, бийик тоолуу райондорунда карга айланат.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндуз 22…27

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23 жылуу болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабаййт, күңдүз жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы 12…14, күндүз 21…23° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күңдүз жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 20…22° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 15-сентябрда күндүз 18,9°, 16-сентябрда эртең менен 18,0° түздү.

Дагы караңыз

Мурдагы вице-премьер Зилалиев 4-ноябрга чейин камалдыУкраинанын аба соккусунан Белгород шаарында сегиз тургун жаракат алдыЭркин Тентишев Күрөш федерациясынын президенти болуп шайланды Кендеги жемкорлук. Зилалиев менен Сатыбековду карматкан иш ИИМдин Орусиядагы өкүлү Исмайил Сагыналиев каза болду"Коррупционердин бала-чакасы да мамлекеттик кызматта иштей албайт". УКМК сунуштаган мыйзам долбоору