Ирандын президенти БРИКСтин Орусияда өтчү саммитине катышат

Масуд Пезешкиан

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан октябрда Орусияга БРИКС уюмунун саммитине катышканы барат. БРИКС уюмун Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка Республикасы түзгөн. Жакында ага Египет, Эфиопия, Иран жана Бириккен Араб Эмираттары кирген.

Пезешкиандын Орусияга барары тууралуу кабарды иран медиасы Тегерандын Москвадагы элчисине шилтеме жасап таратты. Соңку кезде Орусия менен Ирандын аскердик кызматташтыгы арта баштаганы Тегерандын Батыш менен алака-катышы чыңалып турат.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен өткөн аптада Орусия Украинадагы согушта колдонуу үчүн кыска аралыкка уча турган баллистикалык ракеталардын партиясын Ирандан алганын билдирген.

Блинкен Тегеран менен Москванын мынчалык жакындашканы Европанын коопсуздугуна коркунуч жаратарын белгилеген.

АКШ, Британия, Франция жана Британия Иранга каршы жаңы санкцияларды жарыялады. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Тегеран Москвага ракета бербегенин айтып, АКШ жана Европанын үч өлкөсүнүн Иранга каршы санкция салганы кырдаалды жеңилдетпей турганын айткан.

БРИКС уюмунун кезектеги саммити Казан шаарында 22-24-октябрда өтөт.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казандагы саммитке катышат. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, бул иш-чарага президент Жапаровду Орусиянын лидери Владимир Путин чакырган.

Дагы караңыз

Нетаньяху Йемендеги хусилердин соккусуна жооп катуу болорун эскертти Борбордук Европадагы сел: Румынияда кеминде беш киши набыт болдуИран: Махса Амининин үй-бүлөсү “курчоодо” экени кабарланды"Коррупционердин бала-чакасы да мамлекеттик кызматта иштей албайт". УКМК сунуштаган мыйзам долбоору