Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:20

Нетаньяху Йемендеги хусилердин соккусуна жооп катуу болорун эскертти


Йемендик хусилер аткан ракета түшкөн жер, 15-сентябрь, 2024-жыл
Йемендик хусилер аткан ракета түшкөн жер, 15-сентябрь, 2024-жыл

15-сентябрда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Йемендеги хусилерге Израилдин аймагына урган соккусу үчүн жооп катуу болорун эскертти. Өкмөттүн апталык жыйынында Нетаньяху Израилдин түндүгүндө азыркыдай кырдаал дагы «уланбай турганын» белгилеп, бул аймактан эвакуациялангандарды кайра үй-жайына кайтаруу үчүн колдон келгендин баарын жасоого чечкиндүү киришерин айтты. Йемендин түндүгүн көзөмөлдөгөн, Иранды колдогон хусилер палестиндерге тилектештик билдирип, Израилдин аймагына чабуулду күчөтүүгө убада берген.

"Жер - Жер" үлгүсүндөгү жогорку ылдамдыктагы баллистикалык ракета Йемендин аймагынан Израилдин борбордук бөлүгүнө жекшембиде эртең менен атылган. Тель-Авивде жана анын тегерегинде абадан эскертүү жаңырып, Бен-Гурион аэропорту кыска мөөнөткө ишин токтотту. Ракета калк жашаган жерге түшүп, эч ким жабыркаган жок.

2023-жылы октябрда йемендик хусилер Газадагы согушта ХАМАС (АКШда жана Евробиримдикте террористтик деп таанылган) радикал уюмун колдой турганын жарыялаган. Ошондон бери алар Израилдин аймагын учкучсуз аппараттар менен аткылап жүрөт. Июль айында Йеменден атылган, ирандык өндүрүштөн чыккан дрон Тель-Авивде кулап түшкөндө бир киши өлүп, 10дон ашуун адам жараат алган.

XS
SM
MD
LG