Темир жол долбоору: Кыргызстан казынадан 11 млрд сом бөлөт

Кыргызстандагы темир жолдордун бири. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду

Бишкек “Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча биргелешкен компанияга келерки үч жылда бюджеттен 11 млрд сомдой акча бөлөрү маалым болду.

Бирок өлкө аталган долбоорго 573 млн доллар (же 50 млрд сомдой) каражат чыгарышы керек. Калган каражаттар кайдан алынары азырынча белгисиз. Өкмөт темир жолду куруу быйыл октябрда башталарын билдирген.

Бюджеттин чама-чаркы

“Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан” темир жолуна каржылоого багытталган каражаттар жөнүндө маалымат Кыргызстандын “2025-жылга республикалык бюджети жана 2026-2027-жылдарга планы жөнүндө” мыйзам долбоорунда камтылган.

Финансы министрлиги документти өз сайтына жарыялап, коомдук талкууга чыгарган.

Бюджеттин чыгашасын чечмелеген түшүндүрмөдө каражаттар көбүрөөк жумшала турган тармактар эсептелип, анын ичинде темир жолго бөлүнүүчү сумма да көрсөтүлгөн.

Финансы министрлиги

“Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу боюнча биргелешкен компаниянын уставдык капиталына кыргыз тараптын салымы катары 2025-2026-2027-жылдары тиешелүүлүгүнө жараша 2 млрд 418,2 млн сом, 4 млрд 291,6 млн сом жана 4 млрд 374,3 млн сом каралды”, – деп баяндалат республикалык бюджеттин долбоорунда.

Демек, жыйынтыгында келерки үч жылда бул максат үчүн 11 млрд сомдон ашык каражат бөлүнөт экен.

Компанияга быйыл канча каражат бөлүнгөнү белгисиз. Финансы министрлигинен жана Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен бул жөнүндө маалыматты тактай алган жокпуз.

Кыргызстандын Юстиция министрлигинен “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” ишканасы деп аталган компания июль айында катталган. Ишкананын негиздөөчүсү – Кытайдын China Railway International компаниясы, Кыргызстандын "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы жана Өзбекстандын "Узбекистон темир йуллари" акционердик коому деп көрсөтүлүп турат.

Бийлик “Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан” темир жолунун курулушу быйыл октябрь айында башталарын жар салган. Жакынкы күндөрү курулуш иштери башталса, анда ага да сөзсүз акча керек болот.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 31-августта Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында жаңы мамлекеттик желекти көтөрүү салтанатындагы сөзүндө жыл соңуна чейин консолидациялык бюджет 660 млрд сомдон ашарын белгилеп, өлкө ири долбоорлорду баштоого даяр экенин айткан:

Садыр Жапаров. 31-август, 2024-жыл.

“Натыйжада Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түшкөн мамлекетке айланып, эл аралык айдыңда атаандаштыкка туруштук берүүдө өз ордун таба алды. Ошентсе да алдыбызда дагы көптөгөн милдеттер турат. Соңку эки жылдан бери ири долбоорлорду беттеп, чоң-чоң иштерибиз акырындап башталууда. Албетте, буга жыл башынан тарта ишке киргизилген чакан ГЭСтерибизди эске албаганда, “Камбар-Ата-1” ГЭСи менен “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу – чын-чынына келгенде өтө чоң келечектүү долбоорлорубуздун көч башында турары эч талашсыз. Бул Кыргызстандын дымагы бийик, мүмкүнчүлүгү зор, келечеги кең мамлекет экенин даана айкындап турары бышык”, – деген президент анда.

Президент кол койгон мыйзамга ылайык, 2024-жылдын бюджети 378 млрд 405 млн сом, чыгаша 367 млрд 500 млн сом деп белгиленген. Жыл соңуна чейин бул дагы өзгөрөт.

Финансы министрлиги сунуштаган долбоордо болсо 2025-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 428 млрд 780 млн сом, чыгашасы 402 млрд 674 млн сом болот деп каралууда.

Долбоордун наркы жана карыз коркунучу

2024-жылы 6-июнда Бээжин шаарында “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашырууну биргелешип илгерилетүү боюнча үч өлкөнүн ортосундагы кезектеги макулдашууга кол коюлуп, долбоорду каржылоо маселеси чечилген. Жогорку Кеңеш макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун 19-июнда кабыл алып, президент Садыр Жапаров ага 27-июнда кол койгон.

Ага ылайык, үч өлкө Биргелешкен долбоорлоочу компания (БДК) түзүшү керек эле. Ал ишкана Кыргызстанда жайгашат. Кошкон каражаттарына жараша компанияда Кытайдын үлүшү 51% болот, калганы Кыргызстан менен Өзбекстанга тең бөлүнүп, ар бирине 24,5% тиет.

Келишимде долбоордун наркы 4 млрд 665 млн доллар болору айтылган. Мунун биринчи жарымы – 2 млрд 332 млн долларды Кытай үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоорлоочу компанияга (БДК) насыя катары берет.

Сумманын экинчи жарымы – 2 млрд 332 млн долларды үч мамлекет чогуу чыгарат. Ошондо ар бир өлкө ээлик кылган үлүшүнө жараша каражат бөлөт. Тагыраагы, долбоорго Бээжин 1 млрд 187 млн доллар, Ташкент 573 млн доллар жана Бишкек 573 млн доллар түз салым кошуусу керек.

Улуттук банктын курсу менен чакканда, 573 млн доллар 48-50 млрд сомду түзөт. Эгер Кыргызстан келерки үч жылда 11 млрд сом чыгарса, анда калган акчаны кайдан алат деген суроо жаралат.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев буга чейин “Азаттыкка” берген комментарийинде иштин жүрүшү тууралуу учкай маалымат берип, калган каражаттарды табуу жолдору да караштырылып жатканын айткан:

Данияр Амангелдиев

“Жалпы жонунан даярбыз. Тиешелүү мөөнөттө баштоо үчүн Кытай тарап менен чогуу инвестициялык макулдашуунун үстүнөн үзгүлтүксүз иштеп жатабыз. Ал жөнөкөй документ эмес да, ал чоң макулдашуу болот. Кытай тараптын өзүнүн талаптары бар, өзбек кесиптештердин, биздин талаптарыбыз бар. Анын баарын изилдеп, талкуулап, анан бир чечимге келиш керек. Азырынча мурда коюлган план менен эле кетип жатабыз. Биргелешкен компания ишке кирип, аны менен инвестициялык келишимге кол коюлуп, ратификацияланышы керек. Каржы боюнча айтсам, бюджетибиз кыйла көбөйүп калды, буюрса өз салымыбыз үчүн акча жетет. Мындан сырткары бюджеттен түз берилеби же ошол эле компанияга займ болобу, ошол сыяктуу механизмдери талкууланып жатат. Шарттары толук такталып бүтө элек”.

Финансы министрлигинин маалыматтарына ылайык, 30-июнга карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 6 млрд 362 млн долларды түзгөн. Сумманын 4 млрд 501,8 млн доллар тышкы карыз, анын негизги бөлүгү – 1 млрд 660,64 млн доллар Кытайдын Экспорт-импорт банкына берилүүчү карыз.

Башкача айтканда, өкмөт “тышкы карыз азайып жатат” деп билдиргени менен, бересенин көлөмү баары бир кыйла чоң. Мына ушундан улам коомчулукта “Кытай Биргелешкен компанияга берип жаткан насыя Кыргызстандын мойнуна илинип калбайбы?” деген камтамачылыктар жаралган.

“Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан” темир жолунун картасы. Жогорку Кеңештеги презентациядан алынган скриншот.

20-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламент жыйынында буга жооп бергендей болгон. Ал “Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан” темир жолу кылым курулушу болуп каларын белгилеп, долбоорго алынып жаткан насыя мамлекеттин эмес, ортодо түзүлгөн компаниянын мойнуна илине турганын кошумчалаган.

Экономист Расул Түлеев бул жагдайды мындайча комментарийледи:

Расул Түлеев

“Кытай Биргелешкен компанияга түз бере турган насыя тууралуу айтсам, кандайдыр бир компания мындай чоң сумманы түздөн-түз мойнуна алышы кыйын. Бул жок дегенде өкмөттүн кепилдиги менен болот. Соңунда насыя ошол ортодогу ишкананын мойнуна илинет. Бирок ал ишкана баары бир өкмөттүкү. Албетте, ал алган каражаттын республикалык бюджетке тиешеси жок. Ал ишкана өкмөттүн карызына жооп бербейт, ошондой эле өкмөт ал ишкананын карызына жооп бербейт. Мында ишкана өз карызын темир жолдон тапкан киреше менен өзү жабышы шарт. Мында ишкана өзү, анын мүлкү, айталы, ошол эле темир жол күрөө катары каралат. Башкача айтканда, ишкана карызын төлөй албай же банкрот болуп калса, анда ошол мүлктөрүн баалап, насыячылардын алдында милдеттемесин жабат. Же мүлкүн сатат да карызын төлөйт, же башкарууну өткөрүп берет дегендей... Мисалы, кандайдыр бир имарат насыяга курулуп жатса, анда ошол имарат өзү күрөө катары кетет эмеспи. Мында да ошол эле принцип иштейт.

Биргелешкен ишканага Кытайдын Эксимбанкы насыя берсе, эгер компания аны төлөй албай калса, анда темир жолду башкарууну ошол банк өзүнө алышы мүмкүн. Ал эми компанияга салына турган Кыргызстандын өзүнүн үлүшү тууралуу айта турган болсок, анын бир бөлүгү бюджеттен берилип, калганын чыгаруу үчүн Кыргызстандын бийлиги Кытайдан болбосо да башка өлкөлөрдөн же эл аралык финансылык уюмдардан карызга каражат тартып келиши мүмкүн. Башкача айтканда ал бөлүгү да карыз болуп калышы ыктымал. Бирок соңку бүтүмдү мен болжол катары айтып жатам”.

20-августта “Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча мекемелер аралык комиссиянын биринчи жыйыны өтүп, анда Министрлер кабинети менен “Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан“ темир жол компаниясынын ортосундагы инвестициялык макулдашуу иштелип чыккан. Анын мазмуну жана качан кабыл алынары айтыла элек.

Темир жол “Кашкар - Торугарт - Макмал - Жалал-Абад - Анжиян” багытында курулат.

Узундугу жалпы 480 чакырымды түзсө, 311,75 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт.

Кыргыз жергесинде 18 бекет, 81 көпүрө, 41 тоннел курулат. Макмалга чейинки жана андан кийинки колея эки башка өлчөмдө курулат, ошондуктан ал жерге жүктү кайра жүктөөчү станция салынат.

Темир жол жүк ташуучу да, жүргүнчү ташуучу да милдетти аткара алат.