Өзбекстанда менчик бала бакчадагы наристенин өлүмү иликтенүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда менчик бала бакчадагы наристенин өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголгонун бүгүн 13-сентябрда «Азаттыктын» өзбек кызматы жазды. Өлкөнүн балдар омбудсмени билдиргендей, окуя 7-августта Сырдарья облусунда болгон, эки жашар бала тамакка какап, чарчап калган.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы көрсөткөндөй, өлүмгө тамактын бөлүкчөлөрү баланын дем алуу жолдоруна кирип кетишинен келип чыккан механикалык асфиксия себеп болгон.

Териштирүү учурунда бала төрөлгөндөн бери эле аз кандуулук менен жабыркап жүргөнү, дарыгерлер аны тийиштүү деңгээлде дарылабай, ден соолугуна көзөмөл жүргүзбөй койгону, бакчага медициналык тастыктамасы жок, үч жашка чыга элек курагында эле кабыл алынганы аныкталды.

Кырсык болгон учурда да балага талаптагыдай медициналык жардам көрсөтүлбөй калганы айтылды.

Кылмыш-жаза кодексинин «Кесиптик милдеттерди так аткарбоо», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелеринин негизидне бала бакчанын жетекчилигине жана тийиштүү кызматкерлерине каршы иш козголуп, териштирүү жүрүүдө. (RK)

Дагы караңыз

Belsat телеканалы Орусияда "жагымсыз уюм" деп жарыяландыБекназаров кармалды. Банк кутучаларына катылган купуяТрамп Харрис менен кайрадан дебатка чыгуудан баш тарттыКөчмөндөр оюндары: ат чабыштан Чиксон алтын, Каракыз коло медал утту