Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Трамп Харрис менен кайрадан дебатка чыгуудан баш тартты


Дональд Трамп жана Камала Харрис.
Дональд Трамп жана Камала Харрис.

АКШда президенттикке республикачылардан талапкер Дональд Трамп атаандашы, демократтардын талапкери Камала Харрис менен кезектеги экинчи телевизиондук дебатка чыгуудан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн 13-сентябрда Reuters агенттиги билдирди.

Агенттик белгилегендей, мурдагы президент Трамп менен азыркы вице-президент Харристин 10-сентябрда ABC телеканалы көрсөткөн алгачкы теледебатынын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлгөн сурамжылоодо телекөрүүчүлөрдүн көбү жеңүүчү деп Харристи аташкан.

Nielsen изилдөө борборунун маалыматына караганда, ал дебатты АКШда 67 миллион киши көргөн. Атаандашы менен өткөргөн дебаттан кийин Харрис шайлоочулары менен жолугушууда республикачылар дагы бир дебат «карыз болуп калышканын» айткан. Эртеси күнү Харристин шайлоо штабы Демократтар партиясы Республикачылар партиясынын өкүлү менен дагы бир дебатка чыгууга даярдыгын жарыялаган. Алгачкы дебатка чейин Харрис экинчи жолу жолугуу зарылчылыгы тууралуу эч нерсе айткан эмес.

Трамп өзүн алгачкы дебаттын жеңүүчүсү деп эсептей турганын айткан, бирок бир нече маалымат агенттиги ал уттуруп койгонун белгилешкен.

Кезектеги президенттик шайлоо АКШда быйыл 5-ноябрда өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG