Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Көчмөндөр оюндары: ат чабыштан Чиксон алтын, Каракыз коло медал утту


Жорго салыш боюнча жарышта чемпион болгон кыргыз чабандеси Чубак Жайлообек уулу Чиксон аргымагы менен. Астана шаары. 13-сентябрь, 2024-жыл.
Жорго салыш боюнча жарышта чемпион болгон кыргыз чабандеси Чубак Жайлообек уулу Чиксон аргымагы менен. Астана шаары. 13-сентябрь, 2024-жыл.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ат чабыштан мелдештер өтүп Жорго салыш боюнча жарышта Чубак Жайлообек уулу Чиксон аргымагы марага биринчи келип, алтын медал утту.

Казакстандык Ербулан Тлеугалиулы Ак жаун аргымагы менен экинчи орунду ээледи. Коло байгени кыргызстандык Нурэл Иранов Императрица аргымагы менен утту. Мелдешке 18 чабандес катышып, 9 чакырымга аттар чабылды.

Аламан байге боюнча жарышка 27 күлүк катышты. Бул жарышта кыргызстандык чабандес Элесов Нурэл Каракыз күлүгү менен үчүнчү орунду ээледи. Бул жарышта биринчи болуп марага казакстандык чабандес Ансар Арыстанбек Айкабак аргымагы менен келип, алтын медалды утуп алды. Экинчи орунду дагы бир казак чабандеси Хамза Аманкелди Жумур туяк аргымагы менен ээледи.

Ушу тапта Астанада өтүп жаткан Көчмөндөр оюндарында акыркы мелдештер өтүүдө. 8-сентябрда башталган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бүгүн, 13-сентябрда жыйынтыкталат.

Кыргызстандын капчыгында 19 алтын, 21 күмүш, 25 коло бар. Мелдеш жадыбалында экинчи орунда келе жатат. Биринчи орунда 44 алтын, 34 күмүш, 37 коло медал уткан Казакстандын курамасы турат. Үчүнчү орунда 11 алтын, 12 күмүш, 11 коло уткан Өзбекстан курамасы келүүдө.

Буга чейин кыргызстандык спортчулар алыш күрөшүнөн үч алтын, бир күмүш, үч коло уткан. Көкбөрү боюнча курама команда оюндардын чемпиону болсо, көкпар боюнча курама күмүш медал тагынды.

Бүгүн ордо боюнча курама команда Көчмөндөр оюндарынын чемпиону болду.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 90дой мамлекеттен 2,5 миңдей спортчу катышууда. Спорттун 21 түрүнөн 97 комплект медал ойнотулуп жатат. V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан 253 спортчу барган.

Улуттук оюндарды камтыган иш-чараны Кыргызстан 10 жыл мурда демилгелеп, өзү үч ирет өткөрүп, төртүнчүсү Түркияда уюштурулган эле.(GT)

XS
SM
MD
LG