Belsat телеканалы Орусияда "жагымсыз уюм" деп жарыяланды

Орусиянын Башкы прокуратурасы Польшанын беларус тилдүү Belsat телеканалын «Орусиянын аймагындагы жагымсыз уюм» деп жарыялады.

Мекеменин билдирүүсүндө Belsat «Батышка керек шаблондорду жайылтып», Украинадагы согуш тууралуу «жалган маалымат таратып», орус бийлиги «чет элдик агент» деп жарыялаган адамдар менен кызматташып жатканы белгиленди.

Аталган телеканалды, Башкы прокуратуранын белгилешинче, Орусиянын жана Беларустун тургундары көрөт.

2021-жылы беларус бийлиги бул телеканалды экстремисттик деп жарыялаган. Анын социадык түйүндөрдөгү баракчаларына жазылган же материалдарын репост кылган беларус жарандары административдик же кылмыш жообуна тартылат.

Belsat 2020-жылы Беларустагы дээрлик жарым жылга созулган нааразылык акцияларын чагылдырып турган.

Анын "Вот Так" деп аталган орус тилдүү долбоорун орус бийлиги 2024-жылдын январь айында «чет элдик агент» деп жарыялаган.

Орусиянын Юстиция министрлигинин «жагымсыз уюмдар» тизмесине киргизилген уюмдардын саны бүгүнкү күнгө карата 189га жетти. Бул тизмедегилер менен байланышкан же ага катышкан деген жарандарына Орусия бийлиги 15 миң рублге чейин айыппул салат, эгер кайрадан кармалса төрт жылга чейин эркинен ажыратышы ыктымал. Бирок, укук коргоочулар белгилегендей, мындай уюмга катышуу дегенди аныктоонун жол-жобосу так жазылган эмес. (RK)

Дагы караңыз

Бекназаров кармалды. Банк кутучаларына катылган купуяТрамп Харрис менен кайрадан дебатка чыгуудан баш тарттыКөчмөндөр оюндары: ат чабыштан Чиксон алтын, Каракыз коло медал уттуАкыйкатчы зомбулукка кабылган баланын жагдайын көзөмөлгө алды