Акыйкатчы зомбулукка кабылган баланын жагдайын көзөмөлгө алды

Сүрөт видеодон алынды.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ошто атасынан психологиялык зомбулук көргөн баланын окуясын жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Омбудсмендин кеңсеси 13-сентябрда билдирди.

Акыйкатчы тиешелүү мамлекеттик органдарды мигранттардын балдарынын укуктарынын сакталышын өзгөчө көзөмөлдөөгө чакырат.

Омбудсмендин Ош облусундагы өкүлчүлүгү баладан кабар алып, укуктук жана психологиялык жардам көрсөтмөкчү.

Мунун алдында эркек кишинин болжол менен 5-6 жаштагы балага орой мамиле кылып, урушуп жатканы тартылган видео интернетке жарыяланган. Анда баланы тасмага тартып жаткан адам аны кагып-силкип, "эшикке жатасың" деп караңгыда сыртка чыгарганын көрүүгө болот.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы ал Алай районун тургуну, видеодогу баланын атасы экени аныкталганын билдирген. Милициянын маалыматына ылайык, бул факт 12-сентябрда райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. (SE)

Дагы караңыз

Баткенде сегиз айда үй-бүлөлүк зомбулук эки эсе көп катталды ХАМАСтын барымтасында тургандарды бошотуу талабы коюлган акция өттүКөчмөндөр оюндары: Кыргызстан ордодон чемпион болду