Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Көчмөндөр оюндары: Кыргызстан ордодон чемпион болду


Тогуз коргоол курама командасы Көчмөндөр оюндарыны чемпиону болду. Астана, 2024 -жыл, 13-сентябрь.
Тогуз коргоол курама командасы Көчмөндөр оюндарыны чемпиону болду. Астана, 2024 -жыл, 13-сентябрь.

Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын ордо боюнча курама командасы оюндардын чемпиону болду.

Кыргызстандын Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматында, ордо курамасы финалда Казакстанды 2:0 эсебинде жеңип, алтын медалдын ээси болду. Казакстан курамасы экинчи орунду ээлесе, Тажикстан коло медал утту.

Мелдешке жалпы беш команда катышты. Оюндар айлампа иретинде өтүп, командалар бири-бири менен беттешип, эң көп упай топтогон эки команда финалда беттешти. Кыргызстан курамасы финалга чейин Орусия, АКШ жана Тажикстандын курамf командаларын 2:0 эсебинде жеңген.

8-сентябрда башталган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бүгүн, 13-сентябрда жыйынтыкталат.

Кыргызстандын капчыгында 18 алтын, 21 күмүш, 25 коло бар. Мелдеш жадыбалында экинчи орунда келе жатат. Биринчи орунда 44 алтын, 33 күмүш, 37 коло медал уткан Казакстандын курамасы турат. Үчүнчү орунда 11 алтын, 12 күмүш, 11 коло уткан Өзбекстан курамасы келүүдө.

Буга чейин кыргызстандык спортчулар алыш күрөшүнөн үч алтын, бир күмүш, үч коло медал уткан. Көкбөрү боюнча курама команда оюндардын чемпиону болсо, көкпар боюнча курама комаyда күмүш медал тагынды.

Бүгүн кыска аралыкка ат чабыш, жорго салыш, ордо, тыйын эңмей, куш салуу, бүркүт салуу жана далба ойнотуу боюнча мелдештер өтүүдө. (GT)

XS
SM
MD
LG