Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:34

ХАМАСтын барымтасында тургандарды бошотуу талабы коюлган акция өттү


Тел-Авивдеги акция. 2024-жылдын 13-сентябры.
Тел-Авивдеги акция. 2024-жылдын 13-сентябры.

Израилде бүгүн 13-сентябрда ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) барымтада кармап тургандарды бошотуу талабы коюлган кезектеги акция өттү. Барымтада жаткандардын туугандары, жакындары жана активисттер Тел-Авивдин Дерех Намир көчөсүндөгү жолду тороп, өкмөткө нааразылыгын билдиришти. Акция Израилдин Коргоо министрлигинин алдында өттү.

Бийликтин көңүлүн бурдуруу үчүн ар кайсы жерге от жагып, колуна барымтада турган жакындарынын сүрөттөрүн жана «Аларды өлүмгө таштап салышты» деген жазууларды кармаган демонстранттар өкмөттөн чечкиндүү чараларды талап кылышты.

Ал тапта Газа секторунда жана Батыш жээкте Израилдин соңку соккуларынан каза болгондор жерге берилүүдө.

Тубас шаарынын тургуну Ахмед Савафт уулу Ясинден айрылганын айтууда:

"Эртең менен жарылуу болгондо ойгондум. Бир туугандарым келип, уулум Ясин шейит кеткенин угузушту. Кудайга тапшырдым”.

Тубас шаарында 12-сентябрдагы соккудан кеминде беш палестин тургуну каза болгон. Израил ал жерде куралчан топтун мүчөлөрүн аныктоо жана аларды жок кылуу операциясын жүргүзгөнүн билдирүүдө.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС Газа секторунан Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон.

Израил октябрдагы кандуу окуядан кийин ХАМАСты жок кылууга убада берген жана Газа секторунда чабуул баштаган.

АКШ, Египет жана Катар өкүлдөрү Газадагы согушту токтотуу үчүн ортомчу катары тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп келе жатышат, бирок алардан азырынча так жыйынтык чыга элек.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси кабарлагандай, согуш башталган 11 айдан бери Газада каза тапкандардын саны кеминде 41 118ге жетти, жараат алгандар - 95 125. (RK)

XS
SM
MD
LG