Баткенде сегиз айда үй-бүлөлүк зомбулук эки эсе көп катталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлагандай өткөн жылдын сегиз айында облуста үй-бүлөлүк зомбулуктун 225 учуру катталса, быйылкы жылдын сегиз айында 481 учур катталып, 359 жаранга коргоо ордери берилген.

"Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу демилгеси менен жер-жерлерде жыйын өткөрүп, жергиликтүү бийлик жана тиешелүү кызматтар менен кеңешмелерди уюштуруп жатат. Жыйындарда облустук милиция жетекчилиги үй-бүлөлүк зомбулуктун түпкү себебин тактап, маселени тамырынан чечүү үчүн атайын иш мерчемдерди даярдап, аткаруу зарылдыгын белгилеп жатат", - деп айтылат милициянын малыматында.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматында, Кыргызстанда соңку жети айда үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча 8956 факт катталды. Бул өткөн жылдын ушул убактысына салыштырганда 22,1% же 1622 учурга көп. Маалыматка караганда, зомбулук жасаган адамдарга карата 8 миңдей коргоо ордери берилсе, анын 95,2 пайызы эркектердин зомбулугуна байланыштуу чыгарылган.

Жыл башында Баткен районунун 23 жаштагы тургуну Айкыз Калмурза кызы жолдошунун ур-токмогунан каза тапкан. Айкыздын иши боюнча Кадамжай райондук сотунун 22-майда өкүмү чыгып, маркумдун жолдошу 13 жылга эркинен ажыратылган. (JsA)

Дагы караңыз

Көчмөндөр оюндары: Кыргызстан ордодон чемпион болдуХАМАСтын барымтасында тургандарды бошотуу талабы коюлган акция өттүОрток түрк латын алфавити жана кыргыздын башка жазмалары