13-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22;
Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 19…24.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 22…24 градус жылуу болот.
Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күңдүз жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы 9…11°, күндүз 18…20° жылуу болот.
Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 11-сентябрда күндүз 18,8°, 12-сентябрда эртең менен 18,1° түздү.
Дагы караңыз
Кыргызстанда төрөттөн дагы бир келин каза болдуӨкмөт чет элдиктердин өзүн жана мүлкүн мыйзам менен коргойтАкжолтой Бекболотов кайрадан "Кыргызфильм" киностудиясына директор болдуКыргыз-өзбек чек арасындагы "Кара-Суу" өткөрмө бекети кайра ачылды11 журналисттин соту: эксперт Жанышбек уулу суралуудаТажикстандын муфтийи Саидмукаррам Абдулкодирзодага кол салуу болду