Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:08

Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Кара-Суу" өткөрмө бекети кайра ачылды


Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Кара-Суу" бекетин ачуу учуру. 12-сентябпрь, 2024
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Кара-Суу" бекетин ачуу учуру. 12-сентябпрь, 2024

Ош облусунда кыргыз-өзбек чек арасындагы "Кара-Суу" өткөрмө бекети, 14 жылдан кийин кайрадан ачылды. Өткөрмө бекетте эки тарапта бештен кызматкер суткасына 4 миңден 5 миңге чейин адамды тейлөөгө мүмкүн болору айтылды. Бул убакка чейин маал-маалы менен “Достук” өткөрмө бекетинде узун кезек пайда болуп, бул ыңгайсыздык элдин нааразылыгын жаратып келген.

Буга чейин Ошто кыргыз-өзбек чек арасындагы эки өткөрмө бекети ачууга даярдалып жатканы айтылган. Алардын бири - “Ынтымак” учурда оңдоп-түзөөдөн өтүүдө.

Августтун соңунда кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" өткөрмө бекетинде узун кезек пайда болгон. Кыргызстандын Чек ара кызматы жайкысын жана сезон учурунда, өзгөчө 10-августтан тартып чек арадан жүргүнчүлөрдүн жана транспорттун өтүүсү көбөйгөнүн билдирген.

Аталган мекеме "Достук" бекетинин бир күндүк өткөрүү мүмкүнчүлүгү 16,5 миң кишиге ылайыкташса, учурда суткасына 18-26 миңдей киши өтүп, бул узун кезекти пайда кылып жатканын белгилеген.

Эки өлкөнүн чек арасында жалпы 15 өткөрмө бекет бар. Алардын көбү 2005-жылы Кыргызстандагы саясий окуялардан улам жабылган. Расмий Бишкек менен Ташкенттин мамилеси 2016-жылдан тартып оңолгонуна жараша бекеттерди ачуу иштери башталды. Ош облусундагы "Достук" чек ара бекети 2017-жылы ачылды. Андан көп өтпөй Жалал-Абад облусундагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү "Маданият" жана "Баймак" өткөрмө бекеттери ишин жандантты.

28-августка карата кыргыз-өзбек чек арасындагы "Маданият", "Баймак" (Жалал-Абад), "Достук" (Ош), "Кызыл-Кыя", "Кадамжай", "Кайтпас", "Ак-Кыя", "Өтүкчү", "Чечме" бекеттери иштеп жатат.

Буга чейин социалдык тармактарда "Достук" өткөрүү бекетинде кезек узарып жатканына байланыштуу видеолор тараган. "Достук автожол" бекети деп аталган бул пункттан жарандар жана транспорттор өткөрүлөт. (DSh/КЕ)

XS
SM
MD
LG