Акжолтой Бекболотов кайрадан "Кыргызфильм" киностудиясына директор болду

Акжолтой Бекболотов.

Акжолтой Бекболотов Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" киностудиясынын директору болуп дайындалды.

Аны жалпы жамаат менен маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев, Кинематография департаментинин директору Улан Адамалиев тааныштырды. Бул тууралуу аталган киностудиядан кабарлады.

Өткөн аптада Кинематография департаментинин мурдагы директору Акжол Бекболотов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу анын ордуна Улан Адамалиев дайындалган.

Жаңы директор Акжолтой Бекболотов буга чейин "Айтыш" фондунда иштеген. 2020-жылы "Кыргызфильм" киностудиясын жетектеген. Бир катар жергиликтүү жана эл аралык сыйлыктардын жеңүүчүсү. (КЕ)

Дагы караңыз

11 журналисттин соту: эксперт Жанышбек уулу суралуудаКыргыз-өзбек чек арасындагы "Кара-Суу" өткөрмө бекети кайра ачылдыЧет өлкөгө жумушка орноштурган 11 агенттиктин ишине тыюу салындыТажикстандын муфтийи Саидмукаррам Абдулкодирзодага кол салуу болду