Блинкен Киевде алыскы аралыкка атуучу куралдан сокку уруу маселесин талкуулады

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана украин өкмөтүнүн башчысы Денис Шмыгаль, 11-сентябрь, Киев.

Шаршемби кечинде Киевде АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмми Украинанын президенти Владимир Зеленский, тышкы иштер министри Андрей Сибига баш болгон украин өкүлдөрү менен сүйлөштү.

Мамлекеттик катчы Украинага берилген алыска атыуучу курал-жаракты колдонуу боюнча чектөөлөрүн алып салуу маселеси дагы талкууга алынганын ырастады. Блинкен талкуулардын мазмунун АКШ президенти Жо Байденге жеткире турганын айтты. Мамлекеттик катчы алыска атуучу куралдарды Орусиядагы бутага колдонууга уруксат берүү эскалацияга алып келиши мүмкүн деген кооптонуулар талкууда негизги роль ойноорун белгиледи. ошону менен катар Блинкендин белгилешинче, бул маани бере турган негизги фактор эмес.

The Guardian басылмасы Британ өкмөтүндөгү өз булактарына таянып шаршемби кечинде Лондон Украинага Storm Shadow ракеталарын Орусиядагы буталарга каршы колдонууга уруксат бергенин кабарлады.

Ошол эле маалда Энтони Блинкен уруксат берүү ыктымалдыгын жокко чыгарбасын The Times жазды. Басылма эгер бул маселе чечилбесе, Лэмми менен Билинкендин Киевге сапары ишке ашты деп саноого болбой турганын белгилеген. Бирок ал азырынча коомчулукка жарыяланбайт - бул Британиянын премьер-министри Кейр Стармердин жума күнү Вашингтонго сапары учурунда дагы айтылбашы мүмкүн. Аталган гезит мындан сырткары ракеталык чабуулдарды "себепсиз же керексиз" жасабоо үчүн бир катар чектөөлөр дагы эле сакталып калышы мүмкүн экенин белгилеген.

Сентябрь айында Вашингтондо Байден менен Зеленскийдин жолугушуусу күтүлүп жатат. Буга чейин Зеленский билдиргендей, бул жолугушууда ал "Украинанын жеңиш планы" менен тааныштырат. Шаршембиде украин президенти бул планды ишке ашыруу АКШнын жардамына байланыштуу экенин айткан.

Орусиялык армия кошунасын түрдүү курал менен аткылап, бомбалап келет.

Украинанын куралдуу күчтөрү маалымдагандай, 11-сентябрга караган түнү каршы тарап баллистикалык, зениттик ракеталар, дрондор менен сокку урду.

Москва оорукана, мектеп, бала бакча, энергетика жайлары өңдүү жарандык инфраструктураны, жайкын элди бутага алганын танууда.

Киев жана эл аралык уюмдар андай соккуларды согуш кылмышы катары сыпаттайт.

Дагы караңыз

11-сентябрь: Орусия Курскиде контрчабуулга өткөнү кабарланды, УКМК 25 киши кармалганын билдирдиОрусиянын Белгород облусунда жүк ташыган поезд рельстен чыгып кеттиОрусия Курск облусунда контрчабуулга өткөнү кабарлануудаПакистанда бир нече кол салуудан кеминде үч киши каза тапты