Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Пакистанда бир нече кол салуудан кеминде үч киши каза тапты


Пакистандын коопсуздук күчтөрү миналарды издеп жатат. Бажаур району. Архив
Пакистандын коопсуздук күчтөрү миналарды издеп жатат. Бажаур району. Архив

Пакистандын Хайбер-Пахтунхва аймагында жайгашкан Бажаур районунун бир нече жеринде кеминде үч киши каза тапты. Жергиликтүү полиция “Машаал” радиосуна билдиргендей, белгисиз адамдар балдардын шал оорусуна каршы эмдөө тобуна кол салганда бир тартип коргоочу жана бир медициналык кызматкер набыт болду. Ок аткандар качып кетти.

Ага чейин Ниман-Хан айылынын жанында көмүлгөн миналарды тазалоо учурунда бир аскер каза тапканы, экөө жараат алганы маалымдалды.

Ал эми Белужистандагы Турбат деген жерде болгон жардыруудан төрт киши жабыркады.

Белужистандын бийлик өкүлү Шахид Рэнд кол салууну айыптап, окуяны иликтөө тапшырмасы берилгенин айтты.

Теракттар үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Белужистандагы буга чейинки кол салууларды “Талибандын” Пакистандагы канаты (“Техрик-и-Талибан Пакистан”), “Ислам мамлекети-Хорасан” жана "Белужилерди боштондукка чыгаруу" топтору уюштурганын моюнга алган.

Эки аймакта тең акыркы кездерде кол салуулар көбөйүп, коопсуздукту камсыздоо талабы менен нааразылык акциялары уюштурулган.

Ал эми Пакистан бийлиги согушкерлерге каршы чара көрүлгөнүн, ондогон жоочу жок кылынганын айтууда.

XS
SM
MD
LG