Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Орусиянын Белгород облусунда жүк ташыган поезд рельстен чыгып кетти


Иллюстрация
Иллюстрация

Орусиянын Белгород облусунда жүк ташыган поезд рельстен чыгып кетти. Аймактын губернатору Вячеслав Гладковдун айтымында, окуя Новооскольск шаар округунда болгон. Эч ким жабыркабаганы, Тергөө комитети теракт тууралуу кылмыш иш козгогону кабарланды.

Губернатор поезд “темир жол транспортуна мыйзамсыз кийлигишүүдөн улам” кырсыкка учураганын айтты.

Айрым Телеграм-каналдар рельстерге жардыруучу жабдык коюлганын жазышты. Жүргүнчү поезддер ал жерди кыйгап өтүп жатты. Тергөөчүлөр ыкчам иштерди жүргүзүүдө.

Москва согуш баштагандан бери Орусиянын темир жолунда диверсия учурлары көбөйгөн. Тергөөчүлөр кээ бир жерлерде өрт койгон өспүрүмдөрдү акча убада кылган “интернеттеги кураторлор” шыкактап жатканын айтышат. Ошол “кураторлордун” бар болгону же алардын кармалышы тууралуу далилдер келтирилген эмес.

Темир жолдогу андай аракеттердин натыйжасында эч ким каза болгон эмес. Бирок өрт койгондорду теракт же диверсиялар тууралуу оор беренелер менен соттошууда.

Белгород Украина менен жана украин аскерлери 6-августта кирип барган Орусиянын Курск облусу менен чектешет.

XS
SM
MD
LG