Көчмөндөр оюндары: алыш күрөшүнөн Кыргызстан жети медал утту

Кыргызстандык спортчу Нагира Сарбашева (жашыл кийимчен) финалдык беттеш учурунда.

Казакстандын баш калаасы Асатанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 11-сентябрда кыргызстандык спортчулар алыш күрөшүнөн үч алтын, бир күмүш, үч коло медал утту.

Кыргызстандын Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматында, эркектер арасында Баяман Абидинов (60 кг) Ирлан Казбек уулу (80 кг) алтын медал утуп, V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын чемпиону болушса, Калысбек Каюмов (70 кг) жана Азизхан Мусабек уулу (90 кг) коло медалга ээ утушту.

Кыз-келиндер арасында Нагира Сарбашева 75 кг чейинки салмакта алтын медал утту. Нурзат Бактыяр кызы 65 кг чейинки салмакта 2-орунду ээлесе, Динара Камчыбекова 70 кг чейинки салмак категориясында коло медалга ээ болду.

Ушу тапта Кыргызстандын капчыгында 10 алтын, 13 күмүш, 15 коло медал менен мелдеш жадыбалында үчүнчү орунда келе жатат. Биринчи орунда 27 алтын, 17 күмүш, 25 коло медал уткан Казакстандын курамасы турат. Экинчи орунда 11 алтын, 12 күмүш, 9 коло уткан Өзбекстан курамасы келүүдө.

Бүгүн, 12-сентябрда кыргызстандык спортчулар көк бөрү, көкпар, жаа атуу, куш салуу, ордо, тогуз коргоол, алыштырма аба гүреши жана тыйын эңмей боюнча беттештерге катышат.

Кыргызстандын көк бөрү жана көкпар боюнча курама командалары Казакстан курамалары менен финалда беттешет.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрда башталган. 13-сентябрда жыйынтыкталат. Ага 90дой мамлекеттен 2,5 миңдей спортчу катышууда. Спорттун 21 түрүнөн мелдештер өтүүдө.

Көк бөрүдөн жана көкпардан мелдештер өз-өзүнчө өтүүдө. Жыл башында көк бөрү оюндардын программасына кирбей калган. Кийинчерээк Кыргызстан тараптын Казакстан менен сүйлөшүүлөрүнөн кийин кайра кошулган. Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы орусиялык, түркиялык, өзбекстандык курамаларды аргымактар менен да камсыз кылууда.

Улуттук спорттун түрлөрүнөн мелдештер Астананын алты жериндеги стадион жана комплекстерде өтүүдө. Жалпы 97 комплект медал ойнотулат. V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан 253 спортчу барган.

Улуттук оюндарды камтыган иш-чараны Кыргызстан 10 жыл мурда демилгелеп, өзү үч ирет өткөрүп, төртүнчүсү Түркияда уюштурулган эле.(GT)

Дагы караңыз

Орус армиясы Конотопту аткылап, шаар жарыксыз калды"Иш тажрыйбасы маанилүү эмес ". "Лалафодон" мугалим издеген мектептер Орусиянын Белгород облусунда жүк ташыган поезд рельстен чыгып кетти