Орус армиясы Конотопту аткылап, шаар жарыксыз калды

Орус армиясынын аткылоосуна туш болгон Конотоп шаарындагы үйлөр. Архив.

Орусиялык армия Украинанын Сумы облусунун Конотоп шаарына чабуул жасады. Жараат алгандар бар экени айтылууда. Конотоптун айрым аймактары электр жарыгысыз калды.

Бул тууралуу "Украинская правда" гезити Сумынын Суспильне басылмасына жана Конотоп шаарынын мэри Артём Семенихиндин Фейсбуктагы билдирүүсүнө таянып жазды.

Ал бир нече “абадан сокуу” болгонун, шаардын инфрастра түзүмү зыянга учурап, өрт чыкканын жазган. Мэрдин айтымында, орус аскерлери шаардын борборун, турак жай имаратын аткылашкан.

Семенихин шаардык кызматтар жабыркаган үйдүн бардык тургундарын коопсуз жайга чыгарып үлгүрдү деп ишенип жатканын билдирди. Анын айтымында, электр жана суунун резервдик булактары болгон үчүн өрттү өчүрүүгө мүмкүн болду.

11-сентябрда орусиялык аскерлер Курск облусунда контрчабуулга өтүп, украин армиясы буга чейин көзөмөлгө алган бир нече айылды кайтарып алууга жетишкени кабарланган. Бул тууралуу украиналык DeepState талдоо долбоору, аскердик талдоочу Роб Ли жана орусиялык бийликчил блогерлер жазган.

DeepState долбоорунун 11-сентябрдагы маалыматында Курск облусунун бир бөлүгүн көзөмөлдөгөн украин армиясынын батыш флангындагы абалы начарлаганы айтылат.

Украинанын куралдуу күчтөрү Курск облусундагы контрчабуул тууралуу маалыматты азырынча расмий комментарийлеген жок.

Салгылашуулар жүрүп жаткан шартта майдандагы окуялардын өнүгүшүн ыкчам текшерүү дээрлик мүмкүн эмес.

6-августта Украинанын армиясы Орусиянын Курск облусунун аймагында операция баштаган. Киев анын башкы максаты өз өлкөсүн орус чабуулдарынан коргоо үчүн “буфердик зона” түзүү экенин белгилеген.

Дагы караңыз

11-сентябрь: Орусия Курскиде контрчабуулга өткөнү кабарланды, УКМК 25 киши кармалганын билдирдиОрусиянын Белгород облусунда жүк ташыган поезд рельстен чыгып кеттиОрусия Курск облусунда контрчабуулга өткөнү кабарлануудаУКМК "Эркечтамда" иштегендерди сабаган 25 киши кармалганын билдирди. Алардын жакындары Ташиевге кайрылды