Тажикстандын муфтийи Саидмукаррам Абдулкодирзодага кол салуу болду

Саидмукаррам Абдулкодирзода. Архив

11-сентябрда Дүйшөмбүдө Тажикстандын муфтийи Саидмукаррам Абдулкодирзодага кол салуу болду. “Озоди” радиосунун маалыматына караганда, окуя кечки саат 5тен өткөндө Борбордук мечиттеги намаздан кийин болгон.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги маалыматты тастыктап, кол салган киши муфтийди “бейбаштык кылып, курч кесүүчү буюм менен” сайганын, ал адам кармалганын билдирди. Бирок шектүүнүн аты-жөнү аталган жок.

Башка булактар азырынча маалымат тарата элек. Бийлик муфтийдин абалы жакшы деп билдирди.

Кол салуу фактысы боюнча кылмыш иш козголду.

Дагы караңыз

"Иш тажрыйбасы маанилүү эмес ". "Лалафодон" мугалим издеген мектептер Украина, Газа жана Путин. АКШ президенттигине талапкерлердин алгачкы дебаты "Чет элдик өкүл" мыйзамы: ЖИА баштаган үч уюм реестрге кирди