ТИМ Тайландда зордуктоого айыпталган кыргызстандык тууралуу маалымат берди

Тайланд полиция кызматкерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргызстандык жаран Тайландда зордуктоого айыпталып жатканы тууралуу маалыматтарга комментарий берди.

Мекеменин басма сөз кызматы 11-сентябрда тараткан маалыматка ылайык, Кыргызстандын жараны зордуктоого айыпталган кылмыш иши боюнча Тайланддын тиешелүү органдары тергөө аракеттерин жүргүзүүдө.

Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги шектүү жаран менен байланышып, ага зарыл болгон укуктук-консулдук жардам берип жатат. Өлкөнүн Тайланддагы Ардактуу консулу көмөктөшүп жатканы кабарланган.

ТИМдин маалыматында кыргызстандык жаран кабылган иштин чоо-жайы тууралуу жазылган эмес. (ZKo)

Дагы караңыз

УКМК "Эркечтамда" иштегендерди сабаган 25 киши кармалганын билдирди. Алардын жакындары Ташиевге кайрылды "Чет элдик өкүл" мыйзамы: ЖИА баштаган үч уюм реестрге кирдиПрезидент Жапаров ЖККУнун баш катчысы Тасмагамбетовду кабыл алдыАКШ: Харрис менен Трамп дебатка чыкты