Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Президент Жапаров ЖККУнун баш катчысы Тасмагамбетовду кабыл алды


Имангали Тасмагамбетов Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда. Бишкек. 11-сентябрь, 2024-жыл.
Имангали Тасмагамбетов Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда. Бишкек. 11-сентябрь, 2024-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 11-сентябрда өлкөгө иш сапары менен келген Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Имангали Тасмагамбетовду кабыл алды.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушууда аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу, уюмдун алкагында өз ара иштешүү маселелери, Балыкчыда өткөн машыгуулар талкууланды.

ЖККУнун атайын машыгуулары Кыргызстандын Балыкчы шаарындагы аскер полигонунда 7-11-сентябрь аралыгында өттү.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө – Кыргызстан, Армения, Беларус, Казакстан, Орусия жана Тажикстан бар.

Августтун этегинде Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Ереван Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бардык түзүмдөрү менен кызматташууну токтотконун билдирген.

Пашинян быйыл 12-июнда Армения аталган уюмдан чыгарын жарыялаган. Өз өлкөсү ЖККУдан качан чыгарын тактаган эмес.

Ал Азербайжан Тоолуу Карабакты көзөмөлүнө алган кезде жана эки өлкө ортосунда чек ара сүйлөшүүлөрү оорлошуп жаткан чакта ЖККУга таяна албай койгонун бир нече жолу кайталаган. Бирикмеде үстөмдүк кылган Москва өз кезегинде Арменияны батышчыл позициясы үчүн айыптаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG