Аида Касымалиева БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын төрагасына орун басар болду

Аида Касымалиева.

Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева уюмдун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 11-сентябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-сентябрда БУУнун штаб-үйүндө уюмдун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын биринчи жыйыны өттү.

Сессияга Камерун өлкөсүнүн өкүлү Филемон Янг төрагалык кылат, Аида Касымалиева орун басар болду.

Аида Касымалиева Кыргызстандан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү болуп 2021-жылы декабрда дайындалган.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясында климаттын өзгөрүшү, коопсуздук, чыр-чатактарды чечүү, өзөктүк куралдан арылуу, антибиотиктерди тоготпой калган микробдорго каршы күрөшүү маселелери каралат. Кыргызстандан жыйынга кимдер барары азырынча айтыла элек.

Сессия 30-сентябрга чейин уланат. (ZKo)

Дагы караңыз

ДКО-2024: Кыргызстандын курамасы бир күндө тогуз медал алды"Бизде азырынча тажрыйба жетишсиз". Футбол боюнча Дүйнө чемпионатына тандоо оюндары 11.09 сабагы: ​​​​​​​АКШнын «бүтпөгөн согуштарга» аралашкан доору аяктадыбы?ЖКнын төрт комитети Баткен облусу боюнча аймактык реформа тууралуу мыйзам долбоорун жабык кароодоАКШда Камала Харрис менен Дональд Трамптын дебаты өттү