Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:38

АКШда Камала Харрис менен Дональд Трамптын дебаты өттү


Дональд Трамп жана Камала Харрис.
Дональд Трамп жана Камала Харрис.

Шейшемби күнү кечинде Филадельфияда Демократиялык жана Республикалык партиянын президенттикке талапкерлери, АКШнын вице-президенти Камала Харрис менен АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын шайлоо алдындагы дебаты болуп өттү.

Бул Камала Харрис менен Дональд Трамптын биринчи дебаты. Камала Харрис июнь айында президент Жо Байден күтүүсүздөн талапкерлигин алып салгандан кийин Демократиялык партиядан талапкер болуп чыккан. Дебат анын үгүт өнөктүгүндөгү негизги окуя, талапкерликке атаандашы менен түз диалогдо өзүн америкалык шайлоочуларга тааныштыруу үчүн биринчи мүмкүнчүлүк катары каралууда.

ABC телеканалындагы 90 мүнөттөн ашык талкууда талапкерлерге сурамжылоодо америкалыктарды кызыктырган негизги маселелер боюнча суроолор берилди: экономиканын абалы, аялдардын бойдон алдыруу укугу, мыйзамсыз миграция, шайлоонун жыйынтыгын таануу, Орусиянын Украинага басып кириши жана ага америкалык реакция тууралуу. Бирок Харрис да, Трамп да суроолорго толук же кеңири жооп берүүдөн качып, мурда даярдалган маалыматтар менен чектелгени байкалды.

Камала Харрис экономика жөнүндө сөз кылып жатып, бардык америкалыктар үчүн "мүмкүнчүлүк экономикасын" түзүү жөнүндөгү тезисин улам кайталады. Ал чакан ишкерлер үчүн салык жеңилдиктерин, балалуу үй-бүлөлөргө жана алардын биринчи батир жана үй сатып алуучуларга жардам берүүнү убада кылууда. Ал Трампты чоң бизнестин кызыкчылыгы үчүн аракеттенип жатат деп айыптады.

Дональд Трамп Байден менен Харристин администрациясын ири инфляция үчүн шарттарды түзүп, чек араларды ачып жатат деп айыптады. Анын айтымында, америкалык жумуш орундарын тартып алып, көптөгөн кылмыштарды жасаган мыйзамсыз мигранттардын агымы келүүдө.

Трамп буга чейинки бардык дебаттарында, мигранттар ит-мышыктарды жеп жатат деген интернеттеги айыңды кайталап, мыйзамсыз миграция темасын көтөрүүдө. Алып баруучулар Трамптын сөзүн оңдоп, иликтөөдө бул маалыматтар ырасталбаганын айтышты.

Талкуунун жүрүшүндө бир топ убакыт Орусиянын Украинага басып киришине арналды. Дональд Трамп Украинанын жеңишин каалайбы деген суроого жооп берүүдөн баш тартты.

"Мен согуштун токтотулушун каалайм. Мен адамдардын өмүрүн сактап калгым келет", - деп жооп берди Трамп. Ал тез арада согушту токтото аларын кайталады. Анткени ал Зеленский менен Путинди жакшы билет, алар аны сыйлашат. Трамп президент катары кызматка киришкенге чейин эле аларды согушту токтотууга көндүрө аларын белгиледи.

Ал Байдендин администрациясын "алсыз" саясаты, АКШ аскерлеринин Ооганстандан чукул чыгарылышы Путинди Украинага бастырып кирүүгө шыктандырды деп айыптады.

Камала Харрис Украинага кол салуу менен Орусия эл аралык нормаларды бузганын, өзү Киевге зарыл жардамды берүү үчүн коалиция түзүүгө өбөлгө болгонун белгиледи. "Эгер Трамп президент болгондо, Путин Европага көз салып Киевде отурмак", - деп айтты Харрис. Америкага Американын дүйнөдөгү маанилүү ролун тааныган президент керек", - деди Харрис.

Дебаттар Камала Харристин келечекке кадам таштап "жаңы баракты ачуу" чакырыгы менен аяктады. Дональд Трамп Харрис үч жылда Байдендин администрациясынын мүчөсү катары Кошмо Штаттарга эч нерсе кылбаганын, ал "жыргаткан деле вице-президент болбогонун" айтты.

Демократтар дагы, республикачылар дагы дебаттын жыйынтыктарына ыраазы экенин жарыялашты. Консервативдик Wall Street Journal дебат тууралуу кабарды "Талапкерлер кызуу талаш-тартышта тикенек менен соодалашууда" деген тема менен жарыялады. Либералдык New York Times жыйынтыктарды бир аз башкачараак кылып көрсөтүп: "Харрис катуу талаш-талкууда Трампты коргонууга мажбур кылды", - деп жарыялады.

XS
SM
MD
LG