Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:26

ЖКнын төрт комитети Баткен облусу боюнча аймактык реформа тууралуу мыйзам долбоорун жабык кароодо


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин төрт комитети президент сунуштаган Административдик-аймактык реформа тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун жабык кароодо.

Парламенттин 11-сентябрдагы жыйынында президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмазбек Абытов бул мыйзамдын долбоорун күн тартибине киргизип, "кечиктирилгис жана кезексиз тартипте, жабык кароону" өтүнгөн.

"Мыйзам долбоору Баткен облусунун административдик аймактык бирдиктерин социалдык-экономикалык кырдаалын турукташтырууга, калктын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган", - деди Абытов. Ал мыйзамдын долбоорун үч окууда карап берүүнү суранды.

Мыйзамдын долбоорун парламентин:

  • Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети;
  • Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети;
  • Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети;
  • Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети карап жатат.

Президент Садыр Жапаров 29-июлда кол койгон "Административдик-аймактык реформанын алкагында айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө” мыйзам 20-августта "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланган.

Өзгөртүлгөн мыйзамга ылайык, административдик-аймактык чек аралардын өзгөрүшү, кээ бир аймактардын биригүүсү же бөлүнүүсү сыяктуу өзгөрүүлөрдөн кийин, жергиликтүү кеңештерге кайрадан шайлоо болору кабарланган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG