Пашинян: Армения менен ЕБ ортосунда визасыз режим тууралуу сүйлөшүүлөр башталды

Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян.

Ереван менен Брюсселдин ортосунда виза режимин карап чыгуу боюнча сүйлөшүүлөр башталды. Бул тууралуу Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян 10-сентябрда Еврокомиссиясынын жетекчи орун басары Маргаритис Схинас менен жолугуп жатып билдирди.

"Биздин алакаларда сезилерлик өзгөрүүлөр бардыгына кубанычтамын: виза режимин либеризациялоо боюнча сүйлөшүүлөр башталды, Европадагы тынчтык фонду Арменияга колдоо көрсөтүү чечимин кабыл алды",- деди армян өкмөт башчысы.

Ал ошондой эле учурда Армениянын Евробиримдикке кошулуусу тууралуу талкуулар жүрүп жатканын кошумчалады.

Европа Биримдигинин курамындагы 27 өлкөнүн элчилери Европа Комиссиясынын Армения боюнча виза режимин либералдаштыруу сүйлөшүүлөрүн баштоо сунушун жактырышканы “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна 17-июлда белгилүү болгон.

Коопсуздук талаптарынан улам ар бир өлкө боюнча жараян ар кандай жүргүзүлөт, адатта буга бир нече жыл талап кылынат.

Арменияга байланыштуу маселени кароодо виза боюнча талаптар бардык критерийлер толук аткарылгандан кийин гана жоюлары белгиленди.

Адатта Брюссел чек араны көзөмөлдөөдөн тартып уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшкө чейинки төрт негизги талапты коёт.

Еревандын Батыш менен алакасы аскердик жана башка байланыштар аркылуу бекемделүүдө. Жакын кызматташуунун башталышына 2023-жылдын сентябрында Азербайжан эки өлкө көптөн бери талашып келе жаткан Тоолуу Карабакты жана эл аралык деңгээлде азери тараптыкы деп таанылган, бирок ондогон жылдардан бери армян улутундагылар отурукташып келген башка да аймактарды өз көзөмөлүнө каратып алган окуя да себеп болду.

Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян Азербайжан Тоолуу Карабакты көзөмөлүнө алган кезде жана эки өлкө ортосунда чек ара сүйлөшүүлөрү оңой эмес болуп жаткан чакта Орусия үстөмдүк кылган Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) таяна албай койгонун бир нече жолу айткан. Москва, өз кезегинде, Арменияны батышчыл позициясы үчүн айыптаган.

Армения ЖККУдагы каржылык катышуусун токтотуп жатканын жарыялаган жана бул аскердик бирикмедеги мүчөлүгүн токтоткон.

Армения да, Азербайжан да чек ара боюнча канчадан бери уланып келе жаткан, адам өлүмү менен коштолгон тирешүүнү токтото турган тынчтык келишимине кол коюуга даяр экенин айтып, бул процесстин создугушуна бирин-бири айыптап келишет.

ЖККУ мурдагы алты советтик мамлекеттин – Орусия, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын альянсы.

Дагы караңыз

Орус армиясы Украинанын бир катар облустарын аткылады Азамат Юсупов Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга директор болдуПрокурордун жардамчысы менен жактоочу пара алууга шек саналып кармалды