Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Прокурордун жардамчысы менен жактоочу пара алууга шек саналып кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Чүй облусунун Жайыл районунун прокурорунун жардамчысы жана жактоочу пара алып жаткан жеринен кармалганын кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы Жайыл районунун прокурорунун жардамчысы айыптоонун квалификациясын жеңилдетүүчү жагына өзгөртүү маселесин оң чечкендиги үчүн пара алганы аныкталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмыш ишинин фигурантынан 80 миң сом өлчөмүндө акча алган жактоочу кармалган, ал алынган каражатты Чүй облусунун Жайыл районунун прокурорунун жардамчысына кылмыш ишинин беренелерин анча оор эмес беренеге жеңилдеткендиги үчүн пара катары өткөрүп берген.

Тергөөнүн жыйынтыгында адвокат Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси ("Пара берүү") менен, прокурордун жардамчысы Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси ("Пара алуу") менен айыпталган.

Учурда УКМК тарабынан аталган кылмышты жасоого башка адамдардын катыштыгын аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүп жатканы кабарланды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG