Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:02

Орус армиясы Украинанын бир катар облустарын аткылады


Орус армиясынын дрон чабуулуна туш болгон Киев шаары. Архивдеги сүрөт.
Орус армиясынын дрон чабуулуна туш болгон Киев шаары. Архивдеги сүрөт.

Украинанын Черкассы облусунун аскердик администрациясынын башчысы Игорь Табурец 10-сентябрга караган түнү аймакка жапырт дрон чабуул жасалганын билдирди. Анын айтымында, соккуларда эки киши жабыркады.

Табурец абадан коргоо системалары жалпысынан 14 дронду атып түшүргөнүн кошумчалады.

"Айрымдар өз максатына жетти. Ошондой эле дрон сыныктарынан улам жабыркагандар бар. Облус борборунда эки киши жараат алды. Аларга тийиштүү жардам көрсөтүлдү. Бир нече турак жай жана менчик ишканалар талкаланды", - деди облус башчысы.

Украин армиясы билдиргендей, 10-сентябрга караган түнү орус күчтөрү жанкечти-дрондор менен чабуул койгон. Жалпысынан 46 дрон, "Искандер-М" баллисткалык ракетасы жана Х-31П ракетасы колдонулган.

Украин Аба күчтөрү дрондордун 38ин атып түшүргөн.

Орусиялык күчтөр Украинадагы жарандык жайларга сокку урганын четке кагып, бир гана аскердик обьектилерди бутага алганын билдирип келет.

10-сентябрдын таңында Орусиянын Москва облусу да жапырт дрон чабуулуна кабылды. Бир аял набыт болуп, үч киши жараат алганын жергиликтүү бийлик билдирди. Кремл чабуулду украин бийлигинен көрдү. Расмий Киев адаттагыдай үн каткан жок.

Согуш маалында эки тараптын тең билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG