ЖКда Бишкектеги тыгын маселесин чечүү талабы айтылды

Бишкектеги көчөлөрдүн бири.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Бишкек шаарынын көчөлөрүндөгү жол тыгынды жеңилдетүү боюнча конкреттүү сунуш берүүнү өтүндү. Бул тууралуу эл өкүлү 10-сентябрда парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Ал 1-сентябрдан тартып калаанын тыгын болбогон көчөсү калбаганын айтып, троллейбустарды каттамдан алуу менен маселе чечилбегенин белгиледи.

"Мурда 15-20 мүнөттө жете турган жерге азыр машине менен 45-50 мүнөттө жетем. Автобустар убагында жете албайт, троллейбустарды жок кылдыңар. ИИМ Бишкек жана Ош шаарынын жолдорун жеңилдетүү боюнча кандай сунуштарды айтат? Балким, мыйзам алып келесиңерби? Кантип жеңилдетиш керек? Мурда эртең менен, түштө, кечинде тыгын болсо, азыр дайыма ошондой. Сапаттуу коомдук транспортту көбөйтүш керек. Күч менен эч нерсе кыла албайсыңар, сунуш бергиле. Бул көйгөй, катастрофа болуп жатат. Троллейбусту алгандан абал жеңилдеген жок. Баары бир ошондой эле, демек бул бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн болуп жатат", - деди Масалиев.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков жолдогу тыгындарды жоюу боюнча Бишкек мэриясы менен биргеликте атайын комиссия иш жүргүзүп жатканын, айрым сунуштар каралып жатканын белгиледи.

"Республика боюнча 1,6 млн автоунаа катталган болсо, анын 500 миңге жакыны Бишкек шаарында. Андан тышкары сырттан келген машиналардын саны бир топ. Азыр мэрия менен биргеликте негизинен инфратүзүм, жолдун каттамы, сапаты, тиешелүү жолдордун агымын ачуу, кээ бир туюк көчөлөрдү ачуу боюнча дагы сунуштарды бергенбиз. Азыр комиссия иштеп жатат", - деди Жоробеков.

Жогорку Кеңештин комитети 10-сентябрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын иши, 2023-жыл жана 2024-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча маалыматын укту. Депутаттар жер-жерлерде адам өмүрүн алган оор кырсыктар катталып жатканын, борбор калаада тыгын маселеси чечилбей жатканын белгилешти.

Буга чейин мэр Айбек Жунушалиев Бишкек коңшу республикалардын борборлору сыяктуу эле тыгынга кептелгенин белгилеп, транспорттук коллапс техникалык жактан эле эмес, илимий жактан да комплекстүү мамилени талап кылып жатканын айткан. Ал шаардагы троллейбустар өз багыты боюнча белгилүү бир көчөлөр менен гана жүрө турганын, электробустар жана башка транспорт каражаттары мобилдүү болгондуктан, тыгын маселесин чечүүгө да өбөлгө түзөрүн айткан. (КЕ)

Дагы караңыз

Кыргызстанда күзгү аскердик чакыруу өнөктүгү башталдыМушкер Ахмади Арваз уландар арасында Азия чемпиону болдуБишкекте жүк ташуучу машинеге урунган скутердин айдоочусу каза болдуГаза: Израил армиясынын соккусунан 40тай киши набыт болду