Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:16

Кыргызстанда күзгү аскердик чакыруу өнөктүгү башталды


Кыргыз аскери. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз аскери. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 18 жашка толгон, аскерге баруу мөөнөтүн кийинкиге жылдырууга укуктары жок жарандарды Куралдуу күчтөрүнүн катарында милдеттүү түрдө аскердик кызматын өтөөгө чакыруу башталды. 10-сентябрда Бишкекте жана Чүйдө уландар аскер бөлүктөрүнө салтанаттуу узатылды.

Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, быйыл күзүндө 18 жашка толгон үч миңден ашуун улан аскердик милдетин өтөөгө чакырылды. Алар Коргоо министрлигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Жаза аткаруу кызматынын жана Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөөгө тартылат.

Мыйзам боюнча аскерден бошотулбаган жана кызмат өтөө мөөнөтү жылдырылбаган 18 жаштан 25 жашка чейинки жарандар өздөрү жашаган жердеги аскер комиссариатына келип, каттоодон өтүүгө тийиш.

Күзгү чакыруу 30-ноябрга чейин уланат.

Аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматкерлери Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүмдөрүнүн катарынан такоолго бошотулат.

Кыргызстандын милдеттүү аскердик кызмат өтөө жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык, аскерге чакыруу жазында жана күзүндө болот. Аскерде кызмат өтөөнүн мөөнөтү бир жылды түзөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG