Тажикстандык дарыгерлер Орусияда начар мамилеге туш болуп жатканын билдиришти

Орусиядагы мигранттар. Иллюстрация

Тажикстандык дарыгерлер «Крокус Сити Холлдогу» теракттан кийин аларга мамиле начарлаганын айтышат.

«Бейтаптар «Орус дарыгер жокпу? Орус эмес доктурдун дарылоосун каалабайм» деп сураганын жүздөгөн жолу өз кулагым менен уккам. Буга чейин бизди жактырбагандар «Крокустан» кийин ачыктан-ачык эле жек көрүп калышты», - деп айтып берди Орусияда 12 жылдан бери дарыгер болуп иштеген тажикстандык Фаридун деген жигит.

«Настоящее время» телеканалы жазгандай, анын жердеш кесиптеши да ошондой мамилеге туш болгон.

Ал эми тажикстандык белгилүү дарыгер, Москва өкмөтүндөгү улуттар боюнча кеңешинин мүчөсү Абдулло Давлатов Орусияда мындай ксенофобиянын учурлары сейрек кездешерин айтат.

Орусиялык социалдык тармактарда дарыгер-мигранттардын билим деңгээлине жана кесипкөйлүгүнө көп учурда күмөн саноо менен карашат, мазактаган посттор жарыяланып калат.

Айрым маалыматтарга караганда, Орусияда медициналык кызматкерлер тартыш.

Ошол эле маалда жергиликтүү саясатчылар, маалымат каражаттары эмгек мигранттарынан баш тартууга чакырып келатышат.

Жакында Орусиянын Бейтаптар биримдигинин тең төрагасы Ян Власов «Свободная пресса» басылмасына берген интервьюда миграциялык жаңы мыйзамды кабыл алуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо системасын мигрант-дарыгерлердин атаандаштыгынан коргойт деп ишенерин айткан.

Орусияда иштеген тажикстандык дарыгерлердин саны белгисиз. Кошуна өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2021-жылы Орусияга Тажикстандан бир жарым миңдей медициналык кызматкер көчүп кеткен, алардын 118и медайымдар.

Мартта Москванын жанындагы "Крокус Сити" борборунда кеминде 145 адамдын өмүрүн алган кол салууга шек саналып кармалган 20 чакты кишинин көбү теги тажикстандык экени аныкталган.

"Ислам мамлекети" террорду тобу өз мойнуна алган кандуу теракт Орусияда жашаган тажикстандыктарга жана борбор азиялык эмгек мигранттарына каршы ксенофобияны козутту.

Дагы караңыз

Жарандык коом "Чет элдик өкүл" мыйзамын кайра кароого чакырууда "Европага да, Кыргызстанга да салым кошууну көздөйбүз"АКШ: ФСБнын офицерлеринин жашыруун каттары кантип табылган? Ашынган оңчулдардын аракети. Болгария Орусиянын жолоюна түшөбү?