Орусияда мигранттардын балдарына бекер билим берүүгө тыюу салуу сунушталууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда мигранттардын балдарын бала бакчаларда жана мектептерде акысыз окутууну жокко чыгарган мыйзам долбоорун Мамлекеттик думага киргизүү пландалууда.

ТАСС агенттиги кабарлагандай, идеянын автору – Мамдуманын эмгек жана социалдык саясат боюнча комитетинин башчысы Ярослав Нилов. Ал "чет элдик балдарды орус бюджетинин эсебинен окутуу боюнча кайрымдуулук эпопеясын аягына чыгарууга мезгил келди" деп эсептейт:

"Чет элдик ата-энелер кааласа балдарын коммерциялык негизде биздеги билим берүү мекемелерге жайгаштырышсын. Өзүнчө коммерциялык класстарды түзүшсүн. Биздин балдар чет элдик жумушчулардын балдарынын ашыкча көп болушунан жапа чегип калбашы керек".

ТАСС идеянын авторлору акыркы жылдары бир катар КМШ жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген мигранттардын балдарынын саны бала бакчаларда жана мектептерде кескин көбөйүп кеткенине тынчсызданып жатканын жазат.

"Орус бала бакчаларында жана мектептеринде мигранттардын санынын көзөмөлсүз көбөйүшү орун жетишсиздигине алып келди. Учурда орус мектептеринде 900 миңге жакын орун жетишсиз. Орун тартыштыгы өзгөчө жаңы курулуп жаткан райондордогу мектептерде жана бала бакчаларда байкалып жатат. Кээ бир мектептерде ондогон биринчи класс ачылып, ал эми экинчи нөөмөттө окугандардын саны да азайган жок. Адаттагыдан 1,5-2 эсе көп иштөөгө аргасыз болгон мугалимдерге күч келип жатат", - деп белгиленген мыйзам долбоорунун түшүндүрмө катында.

Мурдараак кыргызстандык айрым мигранттар Орусияда балдарды мектепке киргизүүдө кыйынчылыктарга туш болуп жатканына даттанышкан.

Дагы караңыз

Маңгыстау облусунда мектепте окуучулар тамактан ууланды Өзбекстандын мамлекеттик карызы 37 млрд доллардан аштыАКШ: ФСБнын офицерлеринин жашыруун каттары кантип табылган? Украинанын бир катар аймактары аткыландыЖакынкы Чыгыш: Батыш жээктеги атышуу, Израилдеги митинг