Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Маңгыстау облусунда мектепте окуучулар тамактан ууланды


Иллюстрация
Иллюстрация

Казакстандын Маңгыстау облусунда мектепте тамактан ууланган окуучулардын саны 300гө чамалады. Ооруканада 67 бала жатат, алардын экөө реанимацияда, 222 бала үйүндө дарыланууда.

Бул тууралуу жергиликтүү Lada.kz басылмасы облустук акимчиликке шилтеме берүү менен билдирди.

Жабыркагандардын баары – Маңгыстау облусуна караштуу Мунайлы районунун Бесшокы айылындагы мектептин башталгыч класстарынын окуучулары. Алар биринчи нөөмөттө окуп, мектептин ашканасында тамактанышкан.

Казакстандын мектептеринде башталгыч класстын окуучулары бекер тамактанышат. Балдар үчүн тамак-ашты жергиликтүү администрация менен мектеп жетекчилиги бирге тандаган ишкана даярдайт.

Балдар 6-сентябрда так эмне жегени белгисиз.

Lada.kz аткаминерлер өзгөчө кырдаалдын себептерин жана жагдайларын тактап жатканын жазды. Тамак-аш текшерүүгө жөнөтүлдү, жыйынтыгы үч-беш күндүн ичинде чыгары күтүлүүдө.

Мектеп окуучуларынын массалык уулануусуна байланыштуу кылмыш иши козголду.

Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Алназарова окуя боюнча түшүндүрмө берип, кырдаал вевомствонун көзөмөлүндө экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG