Зеленский Германиянын канцлери Шольц менен Берлинде жолугат

Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Германиянын канцлери Олаф Шольц. 16-февраль, 2024-жыл.

Германиянын канцлери Олаф Шольц менен Украинанын президенти Владимир Зеленский 6-сентябрда Франкфуртта жолугат. Бул тууралуу немис өкмөтүнүн өкүлү билдирди. Ушул эле күнү Украинанын аскердик өнөктөштөрү, анын ичинде АКШ Германиядагы АКШнын авиа базасында чогулуп, Киевге көрсөтүлө турган жардамдын координациясын талкуулашат.

Der Spiegel басылмасы Зеленский Франкфурттан түштүк-батыш тарапта жайгашкан Рамштайын авиа базасындагы жыйынга да катышарын жазды. Ал жыйынды Американын коргоо министри Ллойд Остин өткөрөт.

Соңку күндөрү орус армиясы Украинанын аймактарын аткылоону күчөткөндүктөн Зеленский Батыштагы өнөктөштөрдөн кошумча абадан коргонуу системаларын жеткирүүгө чакырып келет. Ал ошондой эле Киевге узак аралыкка сокку ура алчу ракеталар менен Орусиянын аймагына чабуул коюуга уруксат берүүнү суранды.

Дагы караңыз

Пакистан: жыл башынан бери антитеррордук операцияларда 200дөй аскер набыт болгонКыргызстан сатып алган Dash 8 Q400 учагы өлкөгө келди Жер көчкү коркунучу бар аймактарда 3817 үй-бүлө жашайт