Улуттук банк валюта базарынан дагы 22 млн 500 миң доллар сатып алды

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк 5-сентябрда валюта базарынан 22 миллион 500 миң доллар сатып алды. Бул маалымат банктын расмий сайтына жарыяланды.

Ушуну менен өлкөнүн негизги банкы жыл башынан 18 ирет интервенция жасап, анын көбүндө долларды сатып алды.

Ушул тапта доллардын расмий курсу 84 сом 23 тыйын болууда. Коммерциялык банктар менен менчик акча алмаштыруу жайларында бир доллар 84 сомдон сатып алынып, 84 сом 60 тыйындан сатылууда.

Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. (BTo)

Дагы караңыз

Президент Жапаров Акаевдин макамын кайтарып берүү өтүнүчүнө өз пикирин билдирдиФутбол: Кыргызстан Иранга жеңилди Францияда 51 күндөн кийин жаңы өкмөт башчы дайындалдыОрусиянын соту Казакстанда кармалган Камил Касимовду дезертирлик үчүн алты жылга кести Мюнхенде Израил консулдугунун жанында атышуу болдуУкраинада жаңы тышкы иштер министри дайындалды"Манас" аэропортунда жардыргыч зат коюлганы жөнүндө маалымат жалган болуп чыкты