Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:45

Украинада жаңы тышкы иштер министри дайындалды


Украинанын жаңы тышкы иштер министри Андрей Сибига. Анкара. 10-декабрь, 2016-жыл. Архив
Украинанын жаңы тышкы иштер министри Андрей Сибига. Анкара. 10-декабрь, 2016-жыл. Архив

Украинанын парламенти 5-сентябрда тышкы иштер министри Дмитрий Кулебанын отставкасын жактырды. Анын ордуна Кулебанын мурдагы орун басары Андрей Сибига дайындалды.

Тышкы саясий мекемени 2020-жылдан бери жетектеп келген башкы дипломат кызматынан кетери шаршембиде белгилүү болгон. Ошол эле күнү Жогорку Рада бир нече министрдин кызматтан кетүү тууралуу арыздарын карап, Кулебаныкын бейшембиге калтырган. Ал өзүнүн кызматтан кетүү ниетин комментарийлеген эмес.

"Суспильне" интернет басылмасынын жазганына караганда, украин президенти Владимир Зеленский “Эл кызматчысы” фракциясы менен жолугушууда министрге “курал-жарак алуу маселесин алдыга жылдырууга даремети жетпей жатканын” айткан.

Сибига адискөй дипломат, мурда Анкарадагы элчи болгон, Зеленскийдин администрациясында иштеген.

Украин парламенти вице-премьер Ирина Верещуктун отставкасын да жактырды. Ал президенттин кеңсесине өтөт деп күтүлүүдө.

Кызматтарынан өнөр жайдын стратегиялык тармактарын жетектеген Александр Камышин, юстиция министри Денис Малюська, айлана-чөйрөнү коргоо министринин орун басары Руслан Стрелец, европалык жана евроатлантикалык интеграция боюнча вице-премьер Ольга Стефанишина кетишти.

"Америка добушу" билдиргендей, кабинеттеги кадр алмаштыруу Зеленскийдин АКШга маанилүү сапары алдында зарыл болду.

Конституция боюнча Украина - парламенттик-президенттик жумурият. Өкмөттү парламентте көпчүлүктү алган партиялар курайт. Ушул тапта Жогорку Радада Зеленскийдин тарапкерлери көпчүлүктү түзгөндүктөн, министрлерди дайындоодо президент жана айланасындагылар чечүүчү роль ойношот.

XS
SM
MD
LG