Орусиянын соту Казакстанда кармалган Камил Касимовду дезертирлик үчүн алты жылга кести

Казакстанда кармалган Камил Касимовдун аскердик билети

Орусиянын соту Казакстанда кармалган Камил Касимов аттуу мурдагы аскерди куралдуу күчтөрдөн качкан деп алты жылга кести. Бул тууралуу 72.ru сайты ал кишинин тааныштарына шилтеме кылып кабарлады. Касимов армияда контракт менен кызмат өтөгөн.

“Ал Астанада жашачу. Ошол жактан орус күч түзүмдөрү кармап кетип, Приозерск шаарына алып барышкан. Андан ары Орусияга, Омскиге чыгарып кетишкен. Ал күнөөсүн мойнуна алган”, - деп айтып берди басылма маектешкен киши.

Маалыматка караганда, Касимов 2023-жылы Украинага каршы согушпоо үчүн Орусиядан качкан. Ошол жылдын 23-апрелинде жумушуна белгисиз 4 киши барып, кармап кетишкен.

Караганды облусундагы Приозерскиде орусиялык аскердик бөлүк жана Орусиянын Коргоо министрлиги пайдаланган аэродром жайгашкан. Укук коргоочулардын айтымында, Касимовду кармоого казакстандык полициячылар да катышкан болушу мүмкүн.

"Важные истории" белгилегендей, Казакстандын мыйзамдарына ылайык, армияга байланышкан кылмыштар экстрадиция кылууну караган беренелерге кирбейт, андыктан Касимов мыйзамсыз алынып чыккан болушу ыктымал.

Былтыр мартта Барнаулдун гарнизондук соту Орусиянын Федералдык күзөт кызматынын майору Михаил Жилинди алты жарым жылга колонияга кескен. Аны 2022-жылы декабрда Казакстандан Арменияга учууга аракеттенгенде кармашкан.

Жилинге дезертирлик жана чек арадан мыйзамсыз өтүү беренелери менен айып тагылган. Тергөөнүн ырастоосу боюнча, майор мүлкүн сатып туруп, “атайын операциянын” (Орусия Украинадагы согушту ушинтип атайт) аймагына жөнөтүшпөсү үчүн командачылыкка “жумушка жарамдуу эмесмин” деп билдирген. 2022-жылы күзүндө Жилин Казакстанга чек ара пунктунан башка жерден өтүп, башкалка сураган.

Дагы караңыз

5-сентябрь: Аскар Акаев Жогорку Кеңешке кат жазды, Газада 189 миң бала эмделди ЮНИСЕФ Газада балдардын шал оорусуна каршы 189 миң жеткинчек эмделгенин билдирди11 журналисттин сотунда лингвист-эксперт суралды