Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:57

ЮНИСЕФ Газада балдардын шал оорусуна каршы 189 миң жеткинчек эмделгенин билдирди


Балдардын шал оорусуна каршы эмдөө өнөктүгү. Газа тилкеси. 4-сентябрь, 2024-жыл
Балдардын шал оорусуна каршы эмдөө өнөктүгү. Газа тилкеси. 4-сентябрь, 2024-жыл

ЮНИСЕФ Газа тилкесинде балдардын шал оорусуна каршы 189 миң жеткинчек эмделгенин, бул көрсөткүч максат кылынган сандан ашканын маалымдады. Уюмдун 4-сентябрдагы билдирүүсүнө караганда, үстүбүздөгү аптада анклавдын борбордук бөлүгүндө 500 бригада он жашка чыга элек балдарды эмдөөдөн өткөрдү.

ЮНИСЕФ Израиль жана АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобу жараян маалында кыска мөөнөттүү тыныгууну сактап, ок атышпаганын белгиледи. БУУнун балдар агенттиги эми согуштан өзгөчө жабыркаган түндүк жана түштүк аймактарда вакцинация жүргүзүүгө, жалпы жонунан 640 миң баланы эмдөөгө үмүттөнөт.

Өнөктүк Газада акыркы 25 жылда алгачкы жолу полиомиелитке чалдыккан учур аныкталгандан кийин башталган. Он айлык наристенин буту эми шал болуп калды.

Саламаттык сактоо боюнча адистер элдин көбү бир нече жолу жер которгон, ачарчылык кеңири жайылган тилкеде түрдүү илдеттердин пайда болуу ыктымалдыгын эскертип келишет.

Согуштун айынан жүз миңдеген киши санитардык шарттары жок чатыр лагерлерде жашап жүрүшөт.

Ал арада Израиль Газадагы аскердик операциясын улантууда. ХАМАС көзөмөлдөгөн тилкенин саламаттык сактоо мекемеси уруш палестиналык 40 миң 800 кишинин өмүрүн кыйганын билдирди.

Бириккен Улуттар Уюму набыт болгондордун көбү аялдар менен балдар экенин буга чейин маалымдаган.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС Газа секторунан Израилге кол салганда бир күндө 1200дөй кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон.

XS
SM
MD
LG