Такси жана жеткирүү кызматындагыларга ККМ колдонбоого убактылуу уруксат берилди

Иллюстрациялык сүрөт.

Такси кызматында жүргүнчүлөрдү ташуу жана жеткирүү (курьер) кызматын көрсөткөн ишкерлер 1-январга чейин көзөмөл-касса машинесин (ККМ) милдеттүү колдонуудан бошотулду.

Бул Министрлер Кабинетинин 23-августта кабыл алынган токтомуна ылайык жүргүзүлүп жатканын Мамлекеттик салык кызматы 5-сентябрда билдирди. Токтом менен салык төлөөчүлөр үчүн көзөмөл-кассалык машиналарды колдонууга бир катар өзгөртүүлөр киргизилген.

Ошондой эле ККМ колдонуудан 1-ноябрга чейинки мөөнөткө интернет аркылуу товар саткан же кызмат көрсөткөн ишкерлер бошотулду. Маалыматта алар бул аралыкта салыкты кандай жол менен төлөөрү көрсөтүлгөн эмес.

Мындан тышкары көзөмөл-кассалык машиналарга аванстар жана насыялар боюнча эсептөө функцияларын киргизүү мөөнөтү 2025-жылдын 1-январына чейин узартылган.

Ошол эле учурда Мамлекеттик салык кызматы окуу жайлардын ашканаларында жана буфеттеринде тамак даярдаган, өз алдынча жасалган кол өнөрчүлүк буюмдарын саткан ишкерлер ККМди ушул токтом күчүнө кирген күндөн - 14-сентябрдан тартып колдонууга милдеттүү экендигин эскертти.

ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат.(ZKo)

Дагы караңыз

Угандалык спортчу түгөйү өрттөп жибергенден кийин каза болдуАскар Акаевге экс-президент макамы кайтарылышы керекпи?ЮНИСЕФ Газада балдардын шал оорусуна каршы 189 миң жеткинчек эмделгенин билдирдиБорбор Азиядагы мураскорлор: Саиданын саясий дымагы11 журналисттин сотунда лингвист-эксперт суралдыСадыр Жапаров Өзбекстандын маданият министрине Кыргызстандын эл артисти наамын берди