Пара алууга шек саналган судья сот залынан бошотулду

Чүй облустук сотунун судьясы Тилек Абдырашитовду кармоо учуру. УКМК тараткан сүрөт.

Ири өлчөмдө пара талап кылууга шек саналып кармалган Чүй облустук сотунун судьясы Тилек Абдырашитов Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 2 млн сом айып төлөөгө милдеттендирилип, эч жакка кетпөө тилкатынын негизинде сот залынан бошотулду.

Жогорку соттон "Азаттыкка" маалымдашкандай, Биринчи май райондук соту чечимди 30-августта чыгарган.

Ага ылайык, Биринчи май райондук сотунун 30-августтагы чечими менен А.Т.А. Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренеси (“Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү”), 342-беренеси (“Пара алуу”) жана 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен айыптуу деп табылган жана 2,1 млн сом айып төлөөгө өкүм кылынган. Тергөө учурунда прокуратура менен айыбын мойнуна алуу боюнча макулдашууга барганы жана келтирилген зыянды толугу менен калыбына келтиргендиги үчүн, жазасы жеңилдетилгени белгиленген.

2-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери облустук соттун эки судьясын кармаганы, алар соттолуучудан 6 миң доллар пара алууга айыпталып жатканы кабарланган. Атайын кызмат алар Чүй облустук соттун судьялары Тилек Абдырашитов жана Улукбек Калыбеков экенин ачыктап, "катчы аркылуу соттолуучудан алты миң доллар алып, ич ара бөлүп алышканын", кармоо учурунда судья Улукбек Калыбеков кызматтык автоунаасы менен качып, кырсыкка кабылганын маалымдаган.

4-июлда Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков жергиликтүү соттор менен өткөрүлгөн ыкчам кеңешмеде мамлекет бардык органдардагы коррупцияны жоюу боюнча эң катаал чараларды көрүп жатканын белгилеп, сот системасы да андан четте калбасын эскерткен.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 30-ноябрда Кыргызстанда соттор өкүмдөрдү дагы деле акча алып чыгарарын баары билерин, УКМК паракор судьяларды кармаганга аракет кылып жатканын айткан.(ZKo)

Дагы караңыз

Жаратылыш министрлиги Миң-Куштагы мурдагы кырсык боюнча маалымат берди Кытайга кирген үчүнчү жол. "Бедел" ачылдыАкыйкатчы Нарында бычакталган келиндин окуясын көзөмөлүнө алдыКоммерциялык банктардын бир айлык таза кирешеси дээрлик 4 млрд сомго жетти Temirov LIVE каналынын төрт журналисти камакта калды