Жаратылыш министрлиги Миң-Куштагы мурдагы кырсык боюнча маалымат берди

Орусиялык “Росатом” ишканасынын өкүлдөрү Жумгалда уран калдыктарын көчүрүү иштери менен таанышып жаткан учур. Архив.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, быйыл 1-июнда Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы уран калдыктарын ташыган автоунаанын кулашына байланыштуу түзүлгөн комиссиянын корутундусун маалымдады.

Маалыматка ылайык, комиссиянын мүчөлөрү жеринен радиациялык фонду өлчөп, нормалдуу экенин аныкташты, кооптонууга себеп жок.

Буга чейин суунун-жердин үлгүлөрүн изилдөөгө алышканы, үлгүлөрдүн жыйынтыгы он беш күн ичинде чыгарылары кабарланган.

1-июндагы “ЭРН-Строй” ЖЧКсынын жүк ташуучу автоунаасы көпүрөдөн кулаган соң, кырсыктын себептерин техникалык иликтөө боюнча комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамына Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык техникалык, көзөмөл кызматы, Тоо-кен металлургия профсоюзу, Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин радиациялык коопсуздук бөлүмү кирген.

1-июнда Миң-Куш айылында “Туюк-Суу” уран калдыгын сактоочу жайдан уран калдыктарын ташып иштеген HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташыган машина кырсыкка кабылып, сайга кулап түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) автоунаа кырсыкка учураган маалда бош болгонун, кырсык болгон аймакта радиациянын көрсөткүчүн ченегенде кооптуулук жок деп чыкканын маалымдаган.

2-сентябрда да Туюк-Суу – Миң-Куш – Арал автожолунун 2-чакырымында HOWO үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып кеткен. Ал Туюк-Суу уран калдык сактоочу жайынан радиоактивдүү калдыкты ташып келаткан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги автоунаа токтоп калган жерде калдыктар жерге төгүлбөгөндүгүн жана эч кандай зыяндуулук жоктугу аныкталганын билдирди. Калдыктар башка машинага жүктөлүп, алынып кеткен.

Миң-Куш айылында “Туюк-Суудагы” уран калдыктарын “Дальнее” сактоо жайына ташуу иштери 2023-жылы август айында башталган. Аны орусиялык “Росатом” ишканасы аткарууда.

Буга чейин Миң-Кушта айрым жергиликтүү тургундар уран калдыктарын рекультивациялоого каршы чыгып келген.

2013-жылы уран казып алуу өнөр жайында жабыр тарткан аймактарды рекультивация кылуу боюнча Орусия, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын ортосунда келишим түзүлүп, бул программанын координатору жана ишке ашыруучусу болуп орусиялык “Росатом” мамлекеттик корпорациясы дайындалган.

Алар программанын алкагында өлкөдөгү “Кажы-Сай”, “Туюк-Суу”, “Миң-Куш” жана башка уран калдыктары сакталган жайлардан радиоактивдүү топуракты ташып, рекультивациялоо иштерин жүргүзө баштаган.

Миң-Куштагы уран калдыктарынын негизги бөлүгү айылдын үстүндө жайгашкан. Андагы уулуу зат айылды аралап өткөн жол аркылуу ташылат. (ZKo)

Дагы караңыз

Кытайга кирген үчүнчү жол. "Бедел" ачылдыАкыйкатчы Нарында бычакталган келиндин окуясын көзөмөлүнө алдыTemirov LIVE каналынын төрт журналисти камакта калды Коммерциялык банктардын бир айлык таза кирешеси дээрлик 4 млрд сомго жетти