Бразилияда X түйүнүн бөгөттөө чечими колдоо тапты

Александр де Мораес.

Бразилиянын Жогорку сотунун коллегиясы 2-сентябрда X социалдык түйүнүн (мурдагы Twitter) өлкөнүн бардык аймагында бөгөттөө тууралуу токтомду колдогон чечим кабыл алды. Associated Press агенттигинин маалыматына караганда, чечим бир добуштан кабыл алынды.

Токтомду 30-сентябрда Жогорку соттун судьясы Александр де Мораес кабыл алган. Анын алдында X ээси, миллиардер Илон Маск соттун жергиликтүү мыйзамдарды сактоо тууралуу бир нече талабын аткарбай койгону, Бразилияга компаниянын расмий өкүлүн дайындоодон баш тартканы маалымдалган.

Расмий маалыматка караганда, бул өлкөдө X платформасынын 20 миллионго жакын колдонуучусу бар.

Бүгүнкү чечими менен коллегия мүчөлөрү судья Мораестин токтомун колдошту. Ага ылайык, бөгөттөгө баш ийбей, аталган социалдык түйүнгө VPN аркылуу кирүүгө аракет кылган киши же мекеме күнүнө 50 миң реал өлчөмүндө айыппул төлөөгө милдеттүү болот.

Маск Бразилия сотунун чечими сөз эркиндигин басмырлоо деп атаган. (RK)

Дагы караңыз

"Күйөөсү иштеген жерине барып бычактаган". Нарындагы зомбулук, кордолгон кыз-келиндер2-сентябрь: Жол кырсыгынан 10 киши набыт болду, Казакстанда АЭС боюнча референдум өтөтОрусияда тик учак кыйраган жерден 22 кишинин сөөгү табылдыКабулдагы жардыруудан кеминде алты киши каза болду