Орусияда Украинанын соккусунан кийинки өрт эки аптадан кийин өчтү

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда Украинанын соккусунан кийин күйө баштаган мунай базасындагы өрт эки аптадан кийин гана өчүрүлдү. Ростов облусундагы Пролетарск шаарында жайгашкан базада өрт дрон чабуулунан кийин 18-августта башталган, ал толук өчүрүлүп бүткөнүн 2-сентябрда өзгөчө кырдаалдар мекемесине таянып ТАСС маалымдады.

Өрт он миңдеген чарчы метрге жайылганы, жарылуу коркунучу жок экени, зыян зат жайылбаганы жана тегеректеги калкты эвакуациялоо зарылчылыгы жок экени кабарланган.

Дизелдик май куюлган жыйырма чакты цистерна күйгөнү айтылып, шаарда өзгөчө кырдаал жарыяланган. Беш күндөн кийин өрттөнүп жаткан мунай базасы кайрадан чабуулга кабылган.

Орусия бул соккулар үчүн Украинаны айыптаган. Украин тарап чабуулдарын тастыктап, Орусиянын «аскердик-экономикалык мүмкүнчүлүгүн алсыратуу» максаты коюлганын билдирген.

Украина 2022-жылдын февраль айынан бери Орусиянын агрессиясына каршы күрөшүн улантып келүүдө. Орус бийлиги "атайын аскердик операция" жүргүзүп жатканын айтууда. (RK)

Дагы караңыз

Паралимпиада-2024: Айтунук Жоомарт кызы 11-орунду ээледиКыргызстандык футболчу Бекназ Алмазбеков косоволук клубга өттүИранда Раисинин өлүмүнүн себеби боюнча акыркы тыянак жарыяланды Президент Мирзиёевдин күйөө баласынын көмүскө хансарайы