Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:13

Паралимпиада-2024: Айтунук Жоомарт кызы 11-орунду ээледи


Айтунук Жоомарт кызы коштоочусу Ангелина Блиндул менен.
Айтунук Жоомарт кызы коштоочусу Ангелина Блиндул менен.

Париж Паралимпиадасында кыргызстандык Айтунук Жоомарт кызы 2-сентябрда аялдар арасында триатлондон жарышка чыгып, 11-орунду ээледи.

Жоомарт кызы паратриатлондон көзү азиз спортчулар арасында PTVI категориясында мелдешке чыкты. Бул категорияда 11 спортчу катталган.

Паратриатлондо спортчулар 150 метрге сууда сүзүп, 20 чакырым велосипед менен дагы 5 чакырым жөө чуркашат. Айтунук Жоомарт кызы коштоочусу Ангелина Блиндул менен жалпы көрсөткүчтө 1 саат 25 мүнөт 36 секундада маарага келген. Бул категорияда алдыңкы үч орунду испаниялык, италиялык жана германиялык атлеттер ээледи.

Айтунук Жоомарт кызы паратриатлондон Азиянын эки жолку чемпиону. Дүйнө Кубогунун күмүш медалынын ээси. Паратриатлон, парадуатлон жана парасууда сүзүү боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону.

1-сентябрда кыргызстандык Гүлназ Жүзбаева пара жеңил атлетикадан 1500 метр аралыкка чуркап, 13-орунду ээледи.

Ал 1500 метрге чуркоодо T11 категорияда жарышка чыкты. Мында жалпы 13 пара жеңил атлетчи үч топко бөлүнүп чуркаган. Жүзбаева коштоочусу Юлия Фернас менен 1500 метр аралыкты 6 мүнөт 11.36 секундда чуркап өттү. Жүзбаева бул көрсөткүч менен көзү азиз спортчулардын арасында жаңы улуттук рекордду жаратты.

28-августта башталып, 8-сентябрга чейин улана турган Жайкы Паралимпиада оюндары Франциянын борбору Париж шаарында өтүүдө. Ага мүмкүнчүлүгү чектелген 4400дөн ашуун спортчу катышып жатат.

Кыргызстандан бул оюндарга алгачкы жолу төрт спортчу катышууда. Эми дзюдодон Маматибраим Суранов 73 килограммга чейинки салмакта 6-сентябрда таймашка катышат. Пауэрлифтингден Миргүл Болоталиева 86 килограммга чейинки салмак категориясында 8-сентябрда күч сынашат.(GT)

XS
SM
MD
LG