Беш депутат ант берди
2-сентябрдагы парламенттин жыйынында беш жаңы депутат ант берди. Алар: Айжигит Тыналиев №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округунан, Бакытбек Марипов №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келди. Ал эми Арсланбек Эгембердиев парламенттеги “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынан Мейкинбек Абдалиевдин, Аккулу Бердиев “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан Адахан Мадумаровдун, Эрнис Айдаралиев “Ыйман Нуру” фракциясынан Нуржигит Кадырбековдун ордуна депутат болду.
Бул чакырылышта депутаттар өз эрки менен мандатын тапшырды деген кабар бат-баттан кайталанды. Алардын айрымдары укук коргоо органдарына суракка чакырылган соң мындай кадамга барышкан.
Мандатынан баш тарткан депутаттардын соңкусу “Ыйман нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков болду. Анын арызын Борбордук шайлоо комиссиясы 30-август күнү бир добуштан канааттандырды.
22-августта Кадырбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак берип чыккан. Атайын кызматтан чыгып баратып ал "Ыйман" фондунун ишмердигине байланыштуу күбө катары көрсөтмө бергенин билдирген.
"Ыйман" фондунун ишмердигин текшерген аудит 5 миллион доллардан ашык каражаттын отчету берилбегенин аныктаганы ушул айдын башында белгилүү болгон. Андан соң бул ишти укук коргоо органдары териштире баштаган. Бул маселе боюнча жаңжал тутангандан тарта эле фондду 2015-2019-жылдары жетектеген Кадырбековго кесепети тийиши мүмкүн экени айтылып жаткан.
Дагы караңыз Нуржигит Кадырбеков мандатын эмнеге тапшырды?Бирок саясат талдоочулар Кадырбековду да, ал жетектеген фракцияны да Жогорку Кеңештеги оппозиция катары эсептебейт. Кадырбеков айрым талаштуу мыйзамдар боюнча каршы добушун, кай бир маселелер боюнча бийликке макул болбогон пикирин айтып келгени маалым.
Эми анын Кадырбековдун ордуна Эрнис Айдаралиев депутат болуп келди.
Мандат тапшыргандардын катары калыңдады
Парламенттин бул чакырылышында жалпысынан 20 депутат ар кандай жагдайда мандатын тапшырды.
Аларды тизмектей турган болсок, Сузак шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланып келген депутат Тазабек Икрамов 19-июлда мандатын өз ыктыяры менен тапшырууга арыз жазган. Ошол эле күнү Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын карап, мандатынан ажыраткан. Икрамов депутаттыктан кетүү өз чечими болгонун Фейсбукка жазган. Ага чейин ал коомчулукка ачык айтыла элек иш боюнча сурак берип чыкканы белгилүү болгон.
25-апрелде Ысык-Көл бир мандаттуу округунан шайланып келген депутат Максатбек Сарбагышев мандатын тапшырган. Анын алдында “Ишеним” фракциясынын депутаты Эмилбек Жусупов, Ноокат округунан шайланган Жусупбек Коргонбай уулу, Свердлов округунан келген Шайлообек Атазов, Кара-Суу округунан Искендер Матраимов, Баткен округунан Нурлан Ражабалиев, Ош округунан шайланган Айбек Осмонов жана “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынын катарында шайланган Абдывахаб Боронбаев өз арыздарынын негизинде мандатынан ажыратылган.
Булардын көбү оор кылмыштарга айыпталган жана бир жыл мурда Бишкекте УКМКнын атайын операциясында өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаев жана Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары, абактагы Райымбек Матраимов менен жакын мамиледе болгону үчүн мандатын тапшырганы айтылган.
Жасалма диплом ишине, козголгон кылмыш иштерине байланыштуу жана өздөрү жазган арыздын негизинде Орозайым Нарматова, Жаныбек Абиров, Фарходбек Алимжанов, Фархат Исмаилов, Өмүрбек Бакиров жана Эмил Жамгырчиев мандаттарынан ажыраган.
Быйыл 26-апрелде жети ай Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отургандан кийин боштондукка чыккан саясатчы, "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун мандаты алынган.
Алтынбек Сулайманов, Равшан Сабиров, Бакыт Төрөбаев депутат болуп келип, бирок башка кызматтарга өткөндүктөн мандаттарын тапшырган. Бул үчөөнү кошпогондо 17 депутат ар кандай жагдайда мандаттарын тапшырып берген жана Мадумаровдон башка дээрлик баары "өз эрким менен арыз жаздым" деп түшүндүрүшкөн.
Жогорку Кеңештин ар бир сессиясы сентябрь айында башталып, июнь менен жыйынтыкталат. Депутаттар бир ай шайлоочулар менен жолугуп, бир ай эс алышат.
Тыныгууга кетердин алдында парламент уран казууга уруксат берүү, “чет өлкөлүк өкүл”, мамлекеттик тууну өзгөртүү сыяктуу бир катар чуулгандуу мыйзамдарды кабыл алган.
Дагы караңыз Уран, туу, темир жол жана "чет элдик өкүл". Жогорку Кеңеш үчүнчү сессиясын аяктадыПрезиденттин ыраазылыгы, парламенттин иши
Президент Садыр Жапаров 31-август Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүндө борбордук аянтта сүйлөгөн сөзүндө Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев баштаган VII чакырылыштын депутаттарына ыраазычылык билдирип, олуттуу чечимдерди кабыл алууда парламенттин колдоосу чоң болгонун айтты:
“Биздин орчундуу чечимдерибизди, ири долбоорлорубузду, реформаларды, мыйзам долбоорлорду кечиктирбестен, куру кыйкырык кылбастан, колдоп келатасыздар. Жыйынтыгында экономикабыздагы, ички жана тышкы саясатыбыздагы иштер тездик менен жылып, ийгиликтерди жаратып жатат”.
Дагы караңыз Эгемендик: Кыргызстандын алдындагы беш чакырыкЖайкы эс алуудан кийин парламенттин алдында талаш-талкуу жаратып, эл аралык коомчулук да көңүл буруп жаткан бир топ мыйзам долбоорлорун талкуулап, кароо маселеси турат.
Коомчулукта парламент бийликке толук көз каранды болуп бүттү деген сын-пикир көп айтылып келатат.
Парламент алсыз болуп калдыбы?
Көптөгөн талаш-талкуудан кийин мандатынан ажыратылган саясатчы, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров парламент алсырап жатканын, бул жалпы саясий талаа үчүн кооптуу экенин белгиледи.
“Жогорку Кеңеш бүгүн бийликтин өз алдынча мыйзам чыгаруу бутагы катары жок болду. Ал саясий көз карандысыздыгын түп тамыры менен жоготту. Ал өз позициясын ээлеш үчүн парламентте өз принциптери бар, көз карандысыз, талап койгон эл өкүлдөрү болушу керек эле. Бирок тилекке каршы алардын сапаты кандай экенин көрүп турабыз. Азыр Жогорку Кеңеште эле эмес, коомчулукта дагы өз пикирин айткан киши калбай калды. Парламенттеги абал күндөн-күнгө начарлашы мүмкүн, бирок мындан жакшы болуп кетишине көз жетпейт”, - деген пикирде Мадумаров.
Саясат талдоочу Эмил Жороев парламент көз карандысыз бийлик бутагы катары өзүнүн милдетин так аткара албай жатат деген көз карашты кармангандардын бири:
“Алдыда маанилүү бир нече мыйзамдар бар. Жылына талкууланчу бюджеттик угуулар бар. Буга чейин талаш-талкуу жараткан бейөкмөт уюмдар тууралуу жаңы мыйзам каралат. Дин чөйрөсүнө тиешелүү мыйзам долбоору даярдалып жатканын кулагым чалды. Парламент өзүнүн вазийпасын аткарса, анда ушул сыяктуу мыйзамдарды кабыл алардан мурда анын ийне-жибине чейин талкуулашы керек. Таразага салыш керек. Менимче, азыркы парламентте андай мүмкүнчүлүк, күч жок".
Жогорку Кеңеш мындан тышкары алдыда социалдык маселелер, табият кырсыгынан келтирилген зыяндарды калыбына келтирүү, бюджет долбоорлорун карашы керек.
Депутат Балбак Түлөбаев бир катар мыйзам долбоорлорун сунуштай турганын, анын көбү элдин социалдык көйгөйлөрү менен байланыштуу экенин, жалпысынан карала турган иш арбын экенин белгиледи:
“Бир ай эс алдык, бир ай эл менен жолуктук. Көрдүк. Эми иштейбиз. Мен Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жаңы мыйзам долбоорун даярдап жатам. Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн көпчүлүгүнүн ээлери жок, кээ бири үй салынган жерге ээлик кылган эмес. Ошолордун маселеси чечилиши керек. Мындан тышкары жай бою аймактарда сел жүрдү. Табыгый кырсыкты алдын алуу үчүн коргонуу чараларын күчөтүш керек. Парламентте эки эле күч бар. Бири позиция, бири оппозиция. Мен эл шайлаган президентке жардам берген депутатмын деп айтып келем. Ошол эле учурда кээде өкмөттү сындап деле жатпайбызбы".
Ант берип, кызматка киришкендер
- Эрнис Айдаралиев 1985-жылдын 4-февралында Ош облусунун Алай районунда туулган. Жогорку билимдүү. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин юриспруденция багыты жана Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин экономика адистиги боюнча аяктаган. 2011-2014-жылдары Мамлекеттик салык кызматында адис болуп иштеген. 2018-жылдан бери КР президентинин иш башкармалыгынын Мамлекеттик имараттар департаментинде эмгектенип келген.
- Айжигит Тыналиев 1985-жылы 8-декабрда Ысык-Көлдүн Каракол шаарында туулган. Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясынын экономика факультетин аяктаган. 2016-жылы Балыкчы шаардык кеңешинин депутаты, 2018-жылы "Кыргыз көмүр" мамлекеттик филиалынын кызматкери, 2021-жылы Балыкчы шаардык кеңешинин алдындагы укук коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча комитеттин төрагасы, 2021-2023 Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүү кызматынын кампа бөлүмүнүн башчысы, 2023-2024 "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын "Ысык-Көл кемечилиги" филиалынын эксплуатация кызматынын башчысы болуп иштеген.
- Мейкинбек Абдалиев 1976-жылы 11-февралда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айылында туулган. Жалал-Абад коммерциялык институтун "уюмдун менежери" адистиги боюнча аяктаган. 1999-жылы Ноокен райондук салык инспекциясынын тышкы салыктык кѳзѳмѳл бѳлүмүндѳ инспектор, 2021 Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон.
- Аккулу Бердиев 1966-жылы 2-мартта Ош облусунун Алай районундагы Кашка-Суу айылында туулган. 2002-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. 2005-жылы "Хазрети Осмон" атындагы Ислам институтун аяктаган. 2008-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде экономика факультетин аяктаган. 1987-жылы Алай районундагы чарбада айдоочу, 1994-1996-жылдары "Саякат" ЖЧКсынын директору, 1996-2004 -жылдары "Кырчын" ЖЧКсынын директору, 2004-2012-жылдары "Север-Югойл" ЖЧКсынын менежери, 2012-2020-жылдары "Север-Югойл" ЖЧКсынын директору, 2020-жылдын октябрынан тартып Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон.
- Арсланбек Эгембердиев 1978-жылы 22-мартта Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Момбеков айылында туулган. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин "юриспруденция" адистиги боюнча аяктаган. 2006-2010-жылдары "Манас" эл аралык аэропортунда иштеген. 2018-2021-жылдары "АККА-Петролеум" ЖЧКсынын директору, 2021-жылы "Манас" эл аралык аэропортуна караштуу "Интек" ЖЧКсында жана "Манас" май куюу комплекси ишканасында техникалык директор болуп иштеген.
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 2021-жылы 29-декабрда ант берип, ишке киришкен. Жаңы Конституцияга ылайык, парламентке бир мандаттуу округдардан 36 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланган.
Мыйзам чыгаруу бийлигинде сегиз комитет, алты фракция, эки депутаттык топ бар.