Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча жолдошу эки айга камалды

Кармалган шектүү. Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмү тараткан сүрөт.

1-сентябрда Бишкектин Октябрь райондук соту 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмүнө байланыштуу кармалган жолдошунун бөгөт чарасын карап, 30-октябрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” маркумдун жакындарынын адвокаты Жанат Гүлжигитов билдирди.

Октябрь райондук ички иштер бөлүмү аны 30-августта Кылмыш-Жаза кодексинин “Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү” беренеси менен айып тагып, кармаган.

Айтурган Маматкулова 7-июлда Бишкектеги №4 ооруканада каза болгон. Жолдошу ал өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип алганын айткан. Маркумдун жакындары кызы күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болгонун, буга чейин да зордук-зомбулук көрсөтүп келгенин айтышкан.

Айтурган Маматкулова - Оштун тургуну. Ал бир жыл мурда турмушка чыгып, күйөөсү менен Бишкекте жашап жаткан. Социалдык тармактарда келиндин өлүмүнүн себептерин аныктап, күнөөлүүлөрдү жазага тартуу боюнча талаптар жазылган.

Ишти Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмү териштирип жатат. Алгач факты боюнча Ленин райондук ички иштер бөлүмү тергөөгө чейинки териштирүү баштаган. Баштапкы экспертизада “Полидорго уулануу, өз жанын кыюу. Жүрөк-кан тамыр курч жетишсиздиги” деген корутунду берилген. Андан ары окуяны тактоо үчүн иш Октябрь райондук милициясына өткөрүлгөн.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматында, ушул жылдын беш айында үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 5153 учур катталган. 4400дөн ашуун коргоо ордери берилген. (BTo)

Дагы караңыз

Армения ЖККУнун бардык түзүмдөрү менен кызматташууну токтоттуМосква Киевди жапырт дрон чабуулу үчүн айыптоодоАвтоунааны кайра каттоодо ОСАГО талап кылына баштадыКамчаткада тик учак кырсыгынан 22 адам каза болду“Кум-Шагыл” ишканасына киргизилген сырткы башкаруунун мөөнөтү узартылдыМатраимовдун “Эрем” спорт клубу Ош шаардык мэриясына өткөрүлдүИзраил Газада барымтада турган дагы алты жаранынын сөөгү табылганын билдирди31-августта Ала-Тоо аянтында 502 бала жоголуп, жакындарына кайтарылды