Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:04

“Кум-Шагыл” ишканасына киргизилген сырткы башкаруунун мөөнөтү узартылды


“Кум-Шагыл” заводу.
“Кум-Шагыл” заводу.

Министрлер кабинети Бишкектеги “Кум-Шагыл” жабык акционердик коомуна киргизилген сырткы башкаруунун мөөнөтүн ушул жылдын 29-ноябрына чейин узартты. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон токтом 29-августта күчүнө кирди.

“Кум-Шагыл” ишканасына өкмөт биринчи жолу быйыл 29-февралда убактылуу сырткы башкаруу киргизип анын мөөнөтүн 29-майда дагы узартып, 29-августка чейин деп белгилеген.

27-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаарынын 12-кичирайонундагы “Кум-Шагыл” заводу 17,7 гектар жери менен мамлекетке кайтарылганын билдирген. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, стратегиялык объект жана ага жанаша жайгашкан жер тилкелери Кыргызстандын мыйзамдарын бузуу менен 2004-жылы “Кум-Шагыл” ишканасынын жооптуу кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз берилгени такталган. Жыйынтыгында 1 млрд 953 млн сомго бааланган 17,7 гектар жер мамлекетке алынган.

Бул маалыматтан кийин “Кум-Шагыл” заводунун директорлор кеңешинин төрагасы Нурбек Мамбеталиев 46 акционердин бири да ишкананы, анын жабдууларын мамлекетке алып коё тургандай мыйзамга каршы иш кылбаганын айткан. Ал өндүрүш комплекси карьер үчүн дайыма ижара акысын төлөп келгенин жана эч качан менчиктештирбегенин билдирген.

Бишкектин 12-кичирайонундагы кум-шагыл чыккан карьер советтик доордо 1968-жылы ачылып, Аламүдүн кум кени деп аталган.

1985-жылы Бишкек шаардык кеңеши (ал маалда Фрунзе) бул ишкана “шаардын абасын булгаган негизги булак” экенин белгилеп, турак үйлөр жана эс алуу зоналары жайгашкан жерде андай объект болбошу керек деген негизде жапкан.

Карьерди казуу иштерин 1999-жылы Бишкектеги курулуш материалдарын чыгарган “Кум-Шагыл” жабык акционердик коому кайра жандандырган. Ошол кезде жылына он миңдеген тонна кум, шагыл, бетон жана башка материалдар тездик менен кеңейип бараткан Кыргызстандын баш калаасындагы курулушту камсыздап турган.

“Кум-Шагылдын” лицензиясы 2025-жылга чейин жарактуу болчу. Бирок быйыл февралда Бишкек мэриясы жана президенттин администрация жетекчиси күч түзүмдөрүнүн колдоосу менен карьерди жаап, заводдун ишин токтоткон.

16 гектар жерге “Кум-Шагыл” жабык акционердик коому “кызыл китеп” алып, асфальт-бетон заводу иштеп турган. Быйыл январь жана февраль айларында “Кум-Шагылдын” жумушчулары бир нече күн нааразылык иш-чараларын уюштуруп, президент Садыр Жапаровго кайрылышкан.

Бирок бир айга жетпей Бишкек мэриясынын жана президенттин иш башкармалыгынын көзөмөлү алдында карьер кайра ачылып, заводдун иши жанданган. Алар өкмөттүн сырттан башкаруу киргизүү тууралуу токтомунун негизинде тилкени өз карамагына алган.

Буга чейин “Клооп” басылмасы 12-кичирайондогу карьер жана “Кум-Шагыл” заводу тууралуу журналисттик иликтөө жарыялаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG