Москва Киевди жапырт дрон чабуулу үчүн айыптоодо

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын бийлиги Украина 1-сентябрда таң эрте өлкөнүн бир нече аймагына дрон менен чабуул койгонун билдирди. Москва жана Тверде электр станциялары менен мунай иштетүүчү заводду өрт чалды.

ТАСС агенттиги Орусиянын Коргоо министрлигине шилтеме берип кабарлагандай, 158 дрон атып түшүрүлдү. Министрлик Украина менен чектешкен Курск, Брянск, Воронеж жана Белгородго рекорддук 122 дрон учурулганын Телеграмдагы постунда маалымдады.

Согуш маалында бул билдирүүнү көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.

ТАСС ошондой эле Москва облусунда пилотсуз учактар Кашир райондук электрстанциясына чабуул коюуга аракет кылганын жазды. Москва шаарында дрондордун бири Капотнядагы мунай иштетүүчү заводго тийгенде өрт чыкты. Калаанын мэри Сергей Собянин өрт ооздукталганын, заводдун ишине коркунуч жаралбаганын билдирди.

Москванын түндүгүндөгү Твер облусундагы Конаков райондук электрстанциясында өрт чыкканы кабарланды. Жабыркагандар тууралуу маалымдалган жок.

Чабуулдардан улам орус башкалаасындагы Внуково, Домодедово жана Жуковский аэропорттору ишин убактылуу токтотушкан. 43 учак башка аэропортторго конууга аргасыз болду.

Маалыматтарга караганда, бул – Москвага коюлган эң массалык чабуулдардын бири болуп калды.

Украинанын куралдуу күчтөрү азырынча комментарий жасай элек.

Ишембиде орус армиясы Украинанын энергетикалык инфраструктурасына 200дөн ашуун пилотсуз учак жана ракеталар менен сокку урган. Бир нече киши каза тапкан, жарадарлар бар.

Далилдерге карабай, Орусия жарандык жайларды жана карапайым тургундарды бутага алганын танып келатат.

Дагы караңыз

Автоунааны кайра каттоодо ОСАГО талап кылына баштадыКамчаткада тик учак кырсыгынан 22 адам каза болду“Кум-Шагыл” ишканасына киргизилген сырткы башкаруунун мөөнөтү узартылдыМатраимовдун “Эрем” спорт клубу Ош шаардык мэриясына өткөрүлдүИзраил Газада барымтада турган дагы алты жаранынын сөөгү табылганын билдирди31-августта Ала-Тоо аянтында 502 бала жоголуп, жакындарына кайтарылдыБишкектин көчөлөрүнөн 480ден ашык жарнама такталары алынды